Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Украиналык скелетончу Гераскевич Олимпиададан четтетилди

Владислав Гераскевич машыгууда. Кортина д`Ампеццо, 10-февраль 2026-жыл
Владислав Гераскевич машыгууда. Кортина д`Ампеццо, 10-февраль 2026-жыл

Эл аралык Олимпиада комитети украиналык скелетончу (чананын түрү) Владислав Гераскевичти дисквалификация кылып, Милан-Кортина оюндарынан четтетти.

Маалыматка караганда, буга спортчунун комитеттин буга чейинки талабын аткарбай, машыгуу жана жарыш учурунда Орусия менен согушта каза тапкан украиналык атлеттердин сүрөтү тартылган шлемди чечпей койгону себеп болду.

Гераскевичти эл аралык комитеттин төрайымы Кирсти Ковентри да көндүрүүгө аракет кылганы менен украиналык спортчу “компромисске барбай койгону” айтылат.

Ага машыгуу маалында ошол шлемин кийүүгө, жарыштан кийин аны кармап турууга уруксат берилип, бирок мелдеште колдонууга тыюу салынган.

Эл аралык комитеттин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Марк Адамс “дүйнөдө 130 жерде жаңжалдар жүрүп жатканын”, эрежелер сакталууга тийиш экенин билдирди.

"Суспильне" басылмасына берген комментарийде Гераскевич нормаларды бузбаганын, шлеминде “эч кандай саясий контекст” болбогонун айтты.

Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига комитет “украиналык атлетти эмес өз аброюн дисквалификация кылганын” билдирди.

Украин президенти Владимир Зеленский Эл аралык Олимпиада комитетинин чечимин сындап, Гераскевичке «так позициясы» үчүн ыраазычылыгын айтты. Ал Орусия оюндар маалында урушту улантып, Олимпиаданын принциптерин бузганын белгиледи.

Латвия, Литва жана Эстониянын жетекчилери да комитеттин чечимине макул эместигин билдиришти.

Украина арбитраждык сотко кайрылууну көздөп жатат.

Буга чейин Украинанын Улуттук Олимпиада комитети Гераскевичке сөз болгон шлемди колдонууга уруксат сурап кайрылган. Комитет анда эч кандай саясий ураандар же бирөөнү кемсинткен белгилер болбогонун, бардык нормалар сакталганын айтышкан. Бирок Эл аралык Олимпиада комитети ага жол берген жок.

Олимпиаданын хартиясында “жарыштар өткөн жайларда саясий, диний жана расалык пропагандага тыюу салынары” айтылган.

Спортчунун шлеминде асыресе көркөм муз тебүү менен машыккан Дмитрий Шарпардын, 19 жаштагы биатлонист Евгений Малышевдин жана башкалардын сүрөттөрү түшүрүлгөн.

Гераскевич маркумдар Олимпиада кыймылынын мүчөлөрү, кээ бирлери анын жакын достору болгонун айткан.

Январда Украинанын спорт министри Матвей Бедный согуш башталгандан бери украиналык 650дөн көп атлет жана машыктыруучу набыт болгонун AFP агенттигине билдирген.


Шерине

XS
SM
MD
LG