Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:40

HRW: Өзбекстанда дыйкандардын укуктары бузулуп жатат

Ташкент шаарынын чет жакасындагы пахта кабыл алуу пунктунда иштеп жаткан жумушчулар. 2023-жыл, сентябрь.
Ташкент шаарынын чет жакасындагы пахта кабыл алуу пунктунда иштеп жаткан жумушчулар. 2023-жыл, сентябрь.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Өзбекстандагы пахта терими жана айыл чарба тармагындагы кырдаал боюнча баяндама жарыялады.

Анда өкмөт «мамлекеттик көзөмөлдөөнүн системасы пахта жана буудай өстүргөн дыйкандардын адам укуктарын жана эмгек укуктарын бузуу практикасын улантып жатат» деп айтылат.

Расмий Ташкент пахта талааларындагы күчтөп иштетүү тажрыйбасы толугу менен жоюлганын билдирип келет.

Документ «Дыйкандарда эркиндик жок: Өзбекстандагы пахта жана буудай эккен дыйкандарды кыянаттык менен пайдалануу жана эксплуатация» деп аталат.

Ага ылайык, дыйкандар мамлекеттен ижарага алынган жерлерде өкмөт белгилеген түшүм нормаларын аткарууга жана продукцияны борборлоштурулган баада сатууга милдеттендирилет. План аткарылбаса айып пул салынат.

Укук коргоочулар бийлик коркутуу жана зомбулук ыкмаларын колдонорун, айрым учурларда жерин да тартып аларын белгилешет.

Ошондой эле пахта-текстиль жана дан компаниялары фермерлерге акчасын убагында төлөбөй же такыр бербей койгон учурлар кездешет.

HRW Өзбекстандын өкмөтүн «дыйкандарды эксплуатациялоону токтотууга» чакырды, фермерлердин адилет жана татыктуу эмгек шарттарына, ошондой эле биригүү эркиндигине укугу бар экенин эске салды.

Бул укуктар 1995-жылы Өзбекстан ратификациялаган Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар боюнча эл аралык пактта, Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактта жана 2016-жылы ратификацияланган Эл аралык эмгек уюмунун №87 конвенциясында бекитилген.

2016-жылы биринчи президент Ислам Каримов каза болгондон кийин бийликке келген Шавкат Мирзиёев алгачкы жылдары пахта жыйноого жарандарды мажбурлоо болбой турганын бир нече жолу убада кылган. Атайын мыйзамдар иштелип чыккан.

2023-жылы БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатып ал өлкөдө пахта талааларындагы мажбурлап жана балдар эмгеги жоюлганын билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG