Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:41

19-февралдын аба ырайы: Күн ачык болот

18-февралдан 22-февралга чейинки кар көчкү кырдаалына жана аба табынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо, ашууларда кар көчкү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

19-февралда түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын жаабайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндуз 19…24

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13

Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз 0…-5

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 22…24° жылуу болот.


Шерине

XS
SM
MD
LG