Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

УКМК Бишкекте өзүн милиционер катары тааныштырган шылуун кармалганын маалымдады

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте өзүн милиция кызматкеримин деп алдаган Ч.Р.Ж. аттуу жаран Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жетекчилиги менен байланышы бардыгын айтып, Ж.А.Ж. аттуу адамдын 500 доллар акчасын алганы аныкталганын билдирди.

"Ч.Р.Ж. аттуу жаран Ж.А.Ж.ны коркутуп, Свердлов райондук милициясынын тергөөчүлөрү жакын арада аны камоону көздөп жатканын билдирген. Ошол эле учурда ал тергөөнүн позициясына таасир эте ала турганын жана маселени жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып, бул үчүн кошумча 2 миң АКШ долларын талап кылган", - деп билдирди атайын кызмат.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("пара талап кылуу") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында 18-февралда 45 миң сом алып жаткан жеринен Ч.Р.Ж. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалымдалды.

Учурда бул шылуунга алданган башка да адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.

Коопсуздук кызматы акыркы убакта өзүн күч органдарынын кызматкери деп тааныштырган шылуундар жарандарды алдап, коркутуп акча жана башка мүлкүн тартып алган окуялар көбөйүп жатканын эскертип келет. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG