Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:18

Иранда бир нече университеттин студенттери каршылык акциясына чыкты

Иранда ишембиде бир нече университеттин студенттери каршылык акциясына чыкты жана бул өткөн айдагы митингдер күч менен басылгандан бери биринчи демонстрация болуп калды.

Би-би-синин кабарчылары каршылык акциясынан тартылды делген видеолорду текшерген.

Алардын биринде Тегерандагы Шариф атындагы технологиялык университеттин студенттери тартылган жана алардын көбү өлкөнүн желегин көтөрүп чыгып, “Диктаторго өлүм!” деп кыйкырышкан.

Ошол эле видеодон өкмөттү колдоп дагы бир топ чыкканын, көп өтпөй эки каршылаш топтун ортосунда араздашуу болгонун дагы көрүүгө болот.

Тегерандагы Амир Кабир атындагы Технологиялык университеттин студенттери дагы нааразылык акцияга чыкканы белгилүү болду.

Ирандагы соңку нааразылык акциялары 2025-жылдын 28-декабрында башталган. Башында митингге чыккандар экономикалык кризиске, улуттук акча риалдын кескин арзандашына жана инфляцияга байланыштуу талаптарды коюшкан. Кийинчерээк бийликке каршы ураандар жана монархияны калыбына келтирүү чакырыктары жаңырган.

Каршылык акциялары күч менен басылган жана анда миңдеген адам мерт болгону кабарланган, алардын так саны азырынча белгисиз.

Баш кеңсеси АКШда жайгашкан Human Rights Activists in Iran (HRAI) көз карандысыз укук коргоо уюму 15-февралга карата кеминде 53 552 адам камакка алынганын билдирген.

"Фарда" радиосу сот тармагынын өкүлүнө таянып, нааразылык акцияларына байланыштуу кеминде 23 миң кылмыш иши козголгонун жазган.


Шерине

XS
SM
MD
LG