Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында Украинадагы тынчтык боюнча резолюцияга добуш берүүдө Кыргызстан "калыс" позицияда калды. Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Армения да ушундай чечим кабыл алгандардын арасында.
"Украинадагы туруктуу тынчтыкты колдоо" деп аталган резолюцияны жалпысынан 107 мамлекет колдоп, 12 өлкө каршы добуш берди. Каршы болгондордун катарында Орусия, Беларус, Иран, Куба жана Судан бар.
51 мамлекет "калыс" калды. Алардын ичинде АКШ, Кытай, Индия, Түштүк Африка Республикасы, Бразилия, Сербия жана Венгрия бар.
АКШнын өкүлү Тэмми Брюс резолюциянын текстинде тынчтык боюнча сүйлөшүүлөргө «терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон формулировкалар бар» болгондуктан калыс калганын билдирди.
Бул күнү Орусия Украинага каршы согуш ачканына төрт жыл толду. 24-февралда Нью-Йоркто өткөн добуш берүүгө Азербайжан менен Түркмөнстан катышкан жок.
Документте Орусия менен Украина «дароо, толук жана эч кандай шартсыз ок атышууну токтотууга», ошондой эле «эл аралык укуктун алкагында ар тараптуу, адилет жана туруктуу тынчтык орнотууга» чакырылат.
Мындан тышкары, согуш туткундарын, мыйзамсыз кармалгандарды жана мажбурлап көчүрүлгөн адамдарды токтоосуз бошотуу талабы коюлган.
Башкы ассамблеянын резолюциялары БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечимдеринен айырмаланып, сунуш мүнөзүндө гана болуп, милдеттендирилбейт.
Резолюция долбоорун Украинанын БУУдагы миссиясы сунуштаган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыялангандан кийин Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига документти колдогон өлкөлөргө ыраазычылык билдирди.
«Чечүүчү учурларда эл аралык коомчулук өз позициясын ачык билдириши керек. Бүгүн дал ошондой болду. Бул биз үчүн жөн гана кезектеги добуш берүү эмес. Бул Украина жалгыз эмес экенинин жана БУУнун Уставындагы принциптер дагы деле маанилүү экенинин дагы бир далили. Бул ачык билдирүүнү колдогон 107 мүчө мамлекетке ыраазычылык билдиребиз», - деп жазды Сибига X социалдык тармагындагы баракчасына.
Орусиянын тышкы иштер министрлиги резолюцияда Москвага «негизсиз айыптар тагылганын» айтып, аны «бир тараптуу жана саясатташкан документ» деп атады.
Антониу Гутерриш тараптарды карапайым калкка жана инфраструктурага жасалган чабуулдарды токтотууга, ал эми БУУга мүчө өлкөлөрдү гуманитардык операцияларды каржылоого чакырды.
Шерине