Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:29

Алматы соту мурдагы дин кызматкери Иаков Воронцовду эки айга камакка алды

 Иаков Воронцов.
Иаков Воронцов.

Алматынын тергөө соту Украинадагы согушка каршы пикирин ачык билдирип келген, орус православ чиркөөсүнүн мурдагы кызматкери Иаков Воронцовду эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу анын адвокаты Галым Нурпеисов билдирди.

Адвокаттын айтымында, сотто Воронцовду үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүч четке кагылган. Нурпеисов бул чечимге каршы даттанарын билдирди.

13-февралда Воронцов «спирт ичимдиктерин ичүү же коомдук жайда мас абалында жүрүү» беренеси боюнча 10 суткага камалган. Андан мурда Алматыдагы үйүндө түнкү тинтүү жүргүзүлүп, үч таңгак тыюу салынган зат табылганы айтылган. Воронцов айыптоолорду четке кагууда.

23-февралда ал Алматы полиция департаментинин убактылуу кармоочу жайынан бошотулушу керек эле. Бирок ал күнү Воронцов прокуратурага суракка жеткирилген. Адвокат Галым Нурпеисовдун маалыматына ылайык, Воронцовго «Баңгизат колдонуунун түнөгүн уюштуруу», «баңгизат сактоо» боюнча айып тагылган.

Иаков Воронцов Орус православ чиркөөсүнүн Украинага каршы кеңири масштабдагы согушун алгачкы күндөрдөн тарта ачык сындаган сейрек дин кызматчылардын бири. Ал ошондой эле Казакстанда Москвага баш ийбеген чиркөөнүн өкүлчүлүгүн түзүү зарылдыгын билдирген. 2023-жылы чиркөө аны диний макамдан ажыраткан.

2023-жылдын декабрында ага карата Казакстанда кастыкты жана араздашууну козутуу боюнча кылмыш иши козголгон. Андан кийин Воронцов Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрылып, ишти адилет кароону суранган. Ал өзүнө карата кысымга Казакстандагы орус православ чиркөөсүнүн өкүлдөрүн айыптап келген.

2025-жылдын май айында Воронцов анын аракеттеринде кылмыш курамы жок болгондуктан иш токтотулганын билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG