Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов кызматтан алынды

Каныбек Досмамбетов.
Каныбек Досмамбетов.

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов кызматтан кетти. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону 24-февралда жарыяланды.

Анын ордуна саламаттык сактоо министри болуп “Бикард” клиникасынын башкы дарыгери Дамир Осмонов дайындаларын “Азаттыктын” өкмөттөгү булактары билдирди.

Досмамбетовдун ысымы эки күндөн бери социалдык тармактарда талкууланып жаткан аудио жазууда айтылган. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Төрөбаев бир тууган агасы Жолдошалынын уулу Эркин менен сүйлөшкөн. Аудиодо Эркин Жолдошалиев Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиевге шканасын тарттырып жибергенин айтканын угууга болот.

Досмамбетов саламаттык сактоо министри болуп былтыр декабрда дайындалган. Ага чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин түзүмүндө иштеп келген.

Мунун алдында Бакыт Төрөбаевдин кызматтан алынганы расмий жарыяланган.

Шерине

XS
SM
MD
LG