"Дүйнөдөгү эң карөзгөй адамдардын бири мерт болду. Бул Ирандын эли үчүн гана эмес, Хаменеи жана анын канкор корбашылары өлтүргөн, майып кылган мыкты америкалыктар, дагы далай өлкөлөрдүн жарандары үчүн адилеттик", - деп жазды АКШ президенти Truth Social соцтармагындагы постунда. 28-февралдын кечинде бир катар эл аралык маалымат каражаттары, анын ичинде Reuters Израилдин жетекчилигиндеги өз булактарына таянып, Ирандын Жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи ушул эле күнү жасалган аба чабуулдардан жан таслим болгонун кабарлашкан.
Трамп ошондой эле Хаменеи АКШнын чалгын кызматтарынын жана жогорку технологиялык байкоо системаларынын көзөмөлүнөн кача албаганын белгилеп, Израил менен тыгыз кызматташуу аркылуу аны менен кошо Ирандын бир нече жогорку жетекчилери да жок кылынганын кошумчалады.
Азырынча Хаменеинин өлүмүн расмий Тегеран ырастай элек.
Али Хаменеи 1989-жылы Ислам Республикасынын негиздөөчүсү, аятолла Рухолла Хомейни каза болгондон кийин жогорку лидерликке келип, ошондон бери Иранда дээрлик чексиз бийликке ээ болуп келген.
Буга чейин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жогорку руханий лидер чабуулдарда өлтүрүлгөн болушу мүмкүндүгүн айткан.
«Бүгүн эртең менен биз канкор Хаменеи турган комплексти жок кылдык», — деген Нетаньяху видео кайрылуусунда.
Ал ошондой эле «Бүгүн эртең менен биз режимдин жогорку даражадагы өкүлдөрүн, Революциялык гвардиянын командирлерин, өзөктүк программанын жетекчилерин жок кылдык жана бул ишти улантабыз. Алдыдагы күндөрү террордук режимдин миңдеген башка объектилерин бутага алабыз», — деп кошумчалаган.
Израил менен АКШ биргелешкен аба соккуларын 28-февралда Иранга жасаган. Тегеран жооп кайтарып, АКШнын аскердик техника, кеме-учактары жайгашкан Бириккен Араб Эмирликтерин, Катар, Кувейт, Израил жана башка мамлекеттерди бутага алган.
Шерине