Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Израил Тегеран менен Бейрутка сокку урганын билдирди

Бейрут шаары. 2026-жылдын 2-марты.
Бейрут шаары. 2026-жылдын 2-марты.

Израилдин Коргоо армиясы (ЦАХАЛ) 3-мартта Ирандын борбору Тегеран менен Ливандын баш калаасы Бейрутка сокку урганын ырастаганын Би-Би-Си жазды.

“Учурда ЦАХАЛ бир эле маалда Тегерандагы жана Бейруттагы аскердик буталарга сокку урууда”, - деп жазылган билдирүүдө.

Соккулар израилдик аскерлер Бейруттун түштүк тарабындагы калктуу аймактарга жана ондогон айылга эвакуациялануу тууралуу “шашылыш эскертүүсү” берилгенден кийин жасалды.

ЦАХАЛ Иран бийлиги колдогон “Хезболла” тобуна тиешелүү кампаларды жана командалык борборлорду бутага алганын белгиледи.

Ушул эле күнү Ирандын мамлекеттик басылмалары АКШнын Бахрейндеги аскердик базасы Тегерандын ракеталык соккусуна кабылганын жазышты.

Ислам революциясынын сакчылар корпусуна байланышы бар Fars маалымат агенттиги жарыялаган тасмада ракеталардын толкуну алыскы буталарга сокку уруп жатканын көрүүгө болот.

Билдирүүдө Ислам революциясынын сакчылар корпусунун дрондор жана ракеталар менен жасаган чабуулу Бахрейндин Шейх-Иса районундагы авиабазанын командалык пунктун жана штаб имаратын талкалап, күйүүчү май кампаларынын жарылуусуна алып келгени айтылат.

АКШ бул соккулар тууралуу маалыматтарга комментарий бере элек.

Мунун алдында Кошмо Штаттардын Бахрейндеги аскердик базасынын аймагын түтүн каптаганы байкалган. АКШнын Мамлекеттик департаменти Бахрейндеги жана Жакынкы Чыгыштын бир канча өлкөсүндөгү жарандарын тез арада чыгып кетүүгө чакырган.

АКШ менен Израил 28-февралда Ирандын аймагына жасаган аба соккуларда Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи, Коргоо кеңешинин катчысы Али Шамхани, коргоо министринин бригадалык генералы Азиз Насирзаде жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жетекчиси, генерал Мохаммад Пакпур өлгөнү ырасталган.

Ошондон бери жооп катары Иран Перс булуңундагы өлкөлөрдө жайгашкан америкалык аскер базаларына чабуулун улантып жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG