Жогорку Кеңештин 4-марттагы жыйынында жол коопсуздук кызматкерлерине жол эрежесин бузган айдоочулардан жеринен сынак алууга укук берген мыйзам долбоору кызуу талкуудан кийин күн тартибинен алынды. Анын алдында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов кызматкерлерге мындай укуктун берилиши жол кырсыктарын азайтуунун бир максаты экенин түшүндүрдү.
Депутат Дастан Бекешев бул мыйзам жол коопсуздук кызматкерлеринин пара алуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берет деген тынчсыздануусун билдирди.
Урмамбетов коррупциялык тобокелдик жок экенине ынандырып, ар бир кызматкерде көкүрөгүнө орнотулган камера дайыма иштеп турарын, планшеттер да аудио жаздырарын айтты.
Бекешев бул демилгеге коомчулук каршы экенин айтса, министрдин орун басары эл арасында долбоорду колдогондор көп деди. Депутат жол кырсыктарына айдоочулардан тышкары инфраструктуранын жоктугу да себеп экенин айтты.
“Жарыктын жоктугунан, жол коопсуздук кызматкеринин жакшы иштебегенинен, көп жерде камералардын жоктугунан болуп жатат. Жөө өтмөктөр жок, инфраструктура эскирди. Биз эмнеге ушул жөнүндө айтпайбыз?", - деди Бекешев.
Депутат Гуля Кожокулова айдоочу жол эрежесин бузганда токтотулуп, ага айып жазылып, кошумча сынак тапшыруу көп убакытты аларын белгилеп, жол тыгыны пайда болорун айтты.
Депутат Сеид Атамбаев жаза чегерүүдөн башка маселелерди чечүүнү сунуштап, өзү көп жолу көтөрүп, бирок ишке ашпай келаткан Кой-Таш – Арашан жолунун кесилишинде жол чырактын жоктугунан көп кырсык катталып жатканын белгиледи.
Аягында депутат Элвира Сурабалдиева бул долбоорго эл өкүлдөр арасында да каршылык көп экенин белгилеп, күн тартибинен алып, кайра карап чыгууну сунуштады. Ошентип мыйзам долбоору биринчи окууда каралбай, маселеге байланыштуу 9-мартта кеңири талкуу өтмөй болду.
Долбоорго ылайык, жол коопсуздук кызматкери айдоочу негизги сегиз жол эрежесин бузган учурда аны токтотуп, планшет аркылуу алты суроодон турган сынак алат. Эгер айдоочу төрт жана андан көп суроого туура жооп берсе, айыппул жазылып коё берилет. Эгер төрттөн аз суроого жооп берсе, “Унаа” мекемесине айдоочулук күбөлүк үчүн кайра сынак тапшырууга жөнөтүлөт.
Тандалып алынган сегиз жол эрежеси төмөнкүлөр:
- Колдонууга тыюу салынган унааны башкарган учурда,
- Мамлекеттик номуру жок унааны айдаганда,
- Коопсуздук кызматкери тоскондо токтобой койгондо,
- Ылдамдыкты коюлган чектен 40 км/сааттан жана 60 км/сааттан ашканда,
- Жол чырактарына баш ийбегенде жана тротуар, велосипед жана жөө жүргүнчүлөрдүн жолунан жүргөндө,
- “Тез жардам” жана башка атайын техникага жол бербөө,
- Каршы тилкеге чыгуу жана ээнбаштык кылганда,
- Материалдык чыгым алып келген жана адам өмүрүнө коркунуч жараткан жол кырсыктары болгондо, кошумча жабдыктарды мыйзамсыз орнотуу жана кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери бузулганда.
Айдоочу "Унаа" мекемесинен кайра сынак тапшырууга жөнөтүлгөндө ага 60 күндүк мөөнөт менен убактылуу күбөлүк берилет.
Шерине