Баткенде деградацияланган жерлерди жашылдандыруу боюнча пилоттук эл аралык иш-чаранын алкагында seed balls ыкмасы менен бадам үрөндөрдү себилди.
Бул ыкма эл аралык тажрыйбада кеңири колдонулат. Биогумус менен топурактын аралашмасынан даярдалган тоголокторго бадам дарагынын үрөндөрү аралаштырылып отургузулат.
Мындай технология кургакчыл жана климаты катаал аймактарда жогорку натыйжа көрсөтүп келет. Долбоор климаттык өзгөрүүлөрдүн шартында Баткен облусунун аймагында экологиялык туруктуулукту камсыз кылууга жана токой фондун калыбына келтирүүгө багытталган.
Иш-чара Баткен районунун Сортташ тилкесинде жана Кадамжай районунун Үч-Коргон токой чарбасынын аймагында 8 гектар аянтка себилүүдө.
Долбоор Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба (FAO) программасынын колдоосу менен ишке ашырылып жатат.
Акыркы жылдары Баткенде климат өзгөрүүдө, абанын табы жогорулап, жылдык жаан-чачындын көлөмү 40 пайызга чейин азайган. (JsA)
Шерине