Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:36

Италиянын премьери Жоржа Мелони АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушун сындады

Жоржа Мелони
Жоржа Мелони

Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушун сындап, мындай интервенция "эл аралык укук нормаларынын чегинен чыкканын" эскертти.

11-мартта Италиянын парламентинде сүйлөгөндө өкмөт башчы бул чабуулду дүйнөлүк тартиптеги кеңири кризистин контекстинде кароо керектигин белгиледи.

Оппозиция анын оңчул өкмөтү тышкы өнөктөштөргө "жумшак позицияда" экенин катуу сындаган.

Европалык өлкөлөрдүн басымдуусу АКШ менен Израилге түз сын айтканга батынбай, негизинен карманууга чакырып келатышат.

Мелони Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга байланыштуу Орусиянын Украинага кол салуусу глобалдык бейстабилдүүлүккө алып келгенин эске салды.

Ошол эле маалда премьер иран өзөктүк куралга ээ болбошу керек, андай болсо, “глобалдык коопсуздукка коркунуч жараларын” кошумчалады.

Мелонинин айтымында, Италия Перс булуңундагы өнөктөштөрдү абадан коргонуу каражаттары менен камсыздап жатат. Премьер аймактагы италиялык жарандарды жана ал жерде жайгашкан 2 миңдей аскерди коргоо зарылдыгына басым жасады.

Ал арада Мадрид Израилдеги элчисин чакыртып алуу чечимин кабыл алды. "Рейтер" Испаниянын расмий басылмасына шилтеме менен кабарлагандай, Тел-Авивдеги элчилигин убактылуу ыйгарымдуу өкүл жетектеп турмакчы.

Ортодогу мамиле Газадагы согуш башталгандан бери салкындаган.

Падышалык АКШ менен Израилдин Ислам жумуриятына каршы согуштук операциясына каршылыгын билдирген.

28-февралда АКШ менен Израил Иранга алдын алуучу сокку ура баштаган. Алар Ислам жумуриятынын атомдук жана ракета программаларын, өлкөнүн режимин жок кылууну көздөгөнүн айтышат.

Тегеран ага жооп кайтарып, Израилге жана америкалык базалар жайгашкан Перс булуңундагы араб мамлекеттерине чабуул коюп келатат.


Шерине

XS
SM
MD
LG