Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:36

УКМК Куванычбек Конгантиевдин кармалышы боюнча комментарий берди

Куванычбек Конгантиев.
Куванычбек Конгантиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Куванычбек Конгантиевдин кармалышы тууралуу комментарий берди.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, ал аффилирленген жеке жана юридикалык жактарды пайдаланып, жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деп шек саналууда. Бул факты боюнча 10-мартта кылмыш иши козголгон. Иш кайсыл берене менен ачылганы белгисиз. Куванычбек Конгантиев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланып жатат.

УКМК жарандарды жана кызмат адамдарын коррупциялык иштерден алыс болууга, пара алып жана бербөөгө чакырды.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-мартта өзү жазган арыздын негизинде Куванычбек Конгантиевди мандатынан ажыраткан.

45 жаштагы Куванычбек Конгантиев 2025-жылы ноябрда өткөн шайлоодо Бишкектеги №21 округдан парламентке депутат болуп шайланып келген. Ал мандатын эмне себептен тапшырганы боюнча комментарий бере элек. Куванычбек Конгантиев Бишкек шаардык кеңешинин бир нече чакырылышына депутат болгон. Мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу.

9-мартта социалдык тармактарда Куванычбек Конгантиевдин 100дөн ашык мүлкү бар экени тууралуу видео жарыяланган. Анда ал Бишкек шаардык кеңешинде депутат болуп турганда борбордогу бир катар жерлерди ижарага алып, кийин менчикке чыгарып, көп кабаттуу үйлөрдү, ар кандай имараттарды салганы айтылат. Аларды апасына жана жакындарына каттатып койгону тууралуу сөз болот.

“Азаттык” 10-мартта бул видео боюнча комментарий алуу үчүн Куванычбек Конгантиевге байланышканда кийинчерээк телефон чалып коёрун айтып, ошол бойдон байланышка чыккан эмес. Анын адвокаты же жакындары козголгон кылмыш иши тууралуу үн ката элек.

Куванычбек Конгантиевдин ордуна №21 округдан эми Чыңгыз Айдарбеков депутат болуп келиши мүмкүн.

Президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы кызматынан бошоткондон бери Элдар Сулайманов, Нурланбек Тургунбек уулу жана Кундузбек Сулайманов депутаттык мандатын тапшырышты. Жанарбек Акаев да мандатын тапшырып, Ош шаарына мэр болду. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG