Жогорку Кеӊештин депутаты Элвира Сурабалдиева 11-мартта парламенттин президент Садыр Жапаров катышкан жыйынында мурда-кийин ар кандай кылмыш иштери менен кармалган ишкерлер боюнча маселе көтөрдү. Ал бирок бизнесмендер укук коргоо органдарына арыз жазуудан чочулап жатышканын билдирди.
“УКМК мамлекетке өткөн мүлктөрдүн тизмесин жарыялашы керек. Ишкерлерден канча мүлк алынды, алардын канчасы өз эрки менен өттү жана канчасы мажбурлоо жолу менен. Андан тышкары ошолордун ичинен чын эле мамлекетке канчасы алынды? УКМКнын кызматкерлери мүлктөрдү өздөрүнө, туугандарына каттатып алганы ачык айтылып жатат”, - деди ал.
Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Башкы прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жетекчилерине ишкерлерден арыз түшсө калыс текшерип, адилет чечим кабыл алуу тапшырмасы берилгенин айтты.
“Жарымын өзүнө алып, жарымын мамлекетке өткөргөн” деген сөздөрдү да иликтеп көргүлө дедим. Ким жарымын чөнтөгүнө алып алган болсо кайра мамлекетке өткөргүлө дедим. Акчасын, мүлкүн, бизнесин тарттырып жибергендер болсо кайра кайтарып бергиле дедим. Азыр ошонун үстүндө иш жүрүп жатат. Ал эми мамлекетке өткөн мүлктөр жылдын аягына чейин ревизия болуп бүтөт. Ошондон кийин чыгарабыз”, - деди президент.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.
Атайын кызматтын башчысы алмашкандан кийин айрым ишкерлер убагында УКМКнын басым-кысымына кабылганын, бизнесин тарттырып жибергенин айтып чыгышкан.
УКМК Кыргызстанда акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөштөн мал-мүлк, каражат түрүндө мамлекетке 352 млрд сом (4,14 млрд доллар) кайтарылганын билдирген. (BTo)
Шерине