Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:36

Орус армиясынын аткылоосунан Харьковдо эки, Херсондо бир киши каза тапты

Харьковдо жарандык өнөр жай ишканасына урулган соккудан эки киши каза тапты. Украина, 11-март 2026-жыл
Харьковдо жарандык өнөр жай ишканасына урулган соккудан эки киши каза тапты. Украина, 11-март 2026-жыл

Орус аскерлери Украинанын аймагын аткылоону улантып, 11-мартта Донецк облусундагы Краматорск шаарына төрт авиабомба менен чабуул коюлганда бир дүрмөт турак жайга тийди. Калаанын аскердик администрациясынын башчысы Александр Гончаренко маалымдагандай, 50 чакты объект зыян тартты, бир киши жабыркады.

Херсондо 91 жаштагы аял 9-мартта орус армиясынын аткылоосунан алган жарааттардан ооруканада көз жумганын облус башчысы Александр Прокудин маалымдады.

Анын жазганына караганда, акыркы 24 саатта бир киши каза тапты, 12 киши, арасында бир бала жарадар болду, 42 айыл-кыштак соккуга кабылды.

Харьковдо жарандык өнөр жай ишканасына урулган соккудан эки киши каза тапты, дагы экөө жарадар болду. Бул тууралуу бүгүн эртең менен шаар бийлиги билдирди. Сокку урулган жерде өрт тутанды.

Сумы облусунун Глухово калаасында 10-мартта бир кишинин өмүрү кыйылды, үчөө жабыркады. Жергиликтүү бийликтин башчысы Олег Григоров кийин алардын бири ооруканада үзүлгөнүн маалымдады.

Далилдерге карабай, Орусия аскердик гана жайларды бутага алганын айтып келет.


Шерине

XS
SM
MD
LG