Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:32

Бишкекте "Буффет" ашканасынан ууланган 11 адам ооруканага түштү

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында жарандардын коомдук тамактануучу жайдан жапырт тамак-ашка уулануусу катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти 11-мартта кабарлады.

Баштапкы маалыматтарга караганда, тамак-ашка ууланып, медициналык жардамга 13 адам кайрылган. Алардын 11и жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылып, калган эки бейтап үйүнөн дарыланууга жөнөтүлгөн. Учурда бардык жабырлануучуларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Маалыматка ылайык, жапырт уулануу учурун иликтөөдө бейтаптардын бардыгы борбор калаадагы "Буффет" ашканалар тармагынан тамактанганы аныкталган.

Санитардык кызматтын адистери ашкананы чукул текшерип, тамак-аштын үлгүлөрүн лабораториялык изилдөөгө өткөрүшкөн. Жыйынтыгында "Буффетке" 23 миң сом айып пул салынып, ашкананын иши 11-мартынан тарта убактылуу токтотулду.

Учурда эпидемиологиялык иликтөө иштери улантылууда.

Кыргызстанда жарандар коомдук тамактануучу жайлардан, тез татым жайындагы тамак-ашка ууланган учурлар арбын катталат.

Январдын ортосунда Бишкекте “Даамдуу” деп аталган тез татым жайынан тамактан ууланып, 23 адам ооруканага кайрылган.

Былтыр күз мезгилинде борбор калаадагы Сейтек STEM менчик мектебинде 84 адам - 80 окуучу жана төрт мугалим тамакка ууланган.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG