Кыргызстанда 2025-жылы скутердин айынан 1015 жол кырсыгы болуп, андан 39 адам каза тапты. Быйылкы жылдын эки айында скутер айдагандардын күнөөсү менен 25 кырсык катталып, эки киши мүрт кетти.
Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) башчысы Азенбек Козукеев Жогорку Кеӊештин 11-марттагы жыйынында билдирип, скутер айдагандар катышкан жол кырсыктары жылдан жылга көбөйүп баратканын айтты.
Министрлер кабинети скутерлерди, мопеддерди механикалык транспорт каражатына теңеп, аларды айдоо үчүн А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк алууга милдеттендирүүнү сунуштады. Жогорку Кеӊеш 11-мартта мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.
Соӊку жылдары Кыргызстанда электр чыгырык (электросамокат), скутер айдагандар катышкан жол кырсыктары көбөйдү. Алар көбүнчө Бишкекте жеткирүү кызматында иштешет. Ушул тапта скутер айдоого күбөлүк талап кылынбайт. (BTo)
Шерине