Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:00

Улуттук банк валюта базарына 140 млн доллар сатты

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк 10-мартта жыл башталгандан бери төртүнчү жолу интервенция жасап, валюта базарына 140 млн доллар сатты. Өлкөнүн негизги банкы акыркы жолу 26-февралда базарга 162,56 миллион доллар чыгарган.

Улуттук банк 2025-жылы сегиз интервенция менен чыгып, валюта базарына жалпысынан 853 миллион доллар саткан.

Өлкөнүн негизги банкы доллардын курсун бир калыпта кармоо үчүн валюталык интервенция жасап турат. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG