Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова президент Садыр Жапаровду сот системасын реформа кылууга чакырды. Бул тууралуу ал 11-мартта мамлекет башчы катышкан парламенттин жыйынында айтты.
“Биз соттордун кураторлорун жок кылуу боюнча маселени чече алабызбы? Соттордун өздөрү УКМКнын кызматкерлери куратор экенин айтып жатышат. Мен аты-жөндөрүн билбейм, бирок соттор өздөрү айтып жатышат”, - деди ал.
Садыр Жапаров депутатты “сотторду көзөмөлдөйт” делген адамдардын атын так атоого чакырып, азыр мындай кураторлор жок экенин айтты. Бирок, ошол эле кезде, мындай адамдар буга чейин болгонун да билдирди.
“Буга чейин болгон, моюнга алыш керек. Болуптур. Анын баарын билдим. Мындан ары андай жок. УКМК, ИИМ, прокуратура ар ким өз ишин аткарат. Мурда администрациянын бөлүм башчысы өзү сот, өзү прокурор, өзү милиция болчу. Биз аны деле көрбөдүкпү. Азыр андай жок”, - деди президент.
Садыр Жапаров тиешелүү адамдарга сотторго буйрук берип, алардын ишине кийлигишпегиле деген талап коюлганын, судьялар эч кимге чалып тапшырма бербей турганын кошумчалады. (BTo)
Шерине