Брянскидеги микроэлектроника ишканасына коюлган соккудан жабыркагандардын саны 42 кишиге жеткенин, алты киши набыт болгонун облус губернатору Александр Богомаз билдирди.
Анын айтымында, 27 киши ооруканага жеткирилди, арасында жашы жетелек өспүрүм бар. Өтө оор жана оор абалдагы тогуз бейтап федералдык ооруканаларга жеткирилди. Губернатор 11-марта аймакта аза күтүү күнү деп жарыяланганын жазды.
Украинанын куралдуу күчтөрү "Кремний Эл" заводуна 10-марттын кечинде ракеталар менен сокку урган. Украиналык Supernova+ каналы андан кийин “ок-дары жарылганын” маалымдады. Ракеталардын бири ишкананын баш кеңсесине тийген, ал маалда ичинде кызматкерлер болгон, экинчиси цехтердин бирине түшкөн.
ASTRA Телеграм каналынын маалыматына караганда, заводдун жанындагы техникумдун имараты да чабуулга туш болду.
Киев ишканага сокку урулганын ырастаган.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Брянскиге чабуул үчүн жооп чараларды орус армиясы аныктарын айтты.
Сөз болгон завод микроэлектроника чыгарган ири ишканалардын бири. Негизинен ракетадан коргонуу системалары жана "Искандер" ракета комплекстеринин тетиктерин чыгарат.
Украина Москванын агрессиясына жооп иретинде орус согуш машинасын камсыздаган жайларды бутага алып келет.
Шерине