Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:36

Иран бийлиги демонстранттар "душман" деп эсептелерин эскертти

Ахмад-Реза Радан
Ахмад-Реза Радан

Ирандын полиция жетекчиси Тегеранга касын тиккен өлкөлөрдү колдогон, өкмөткө каршы чыккан кишилер демонстрант эмес, “душман” деп саналарын эскертти. AFP агенттигинин маалыматына караганда, улуттук полициянын башчысы Ахмад-Реза Радан шейшембинин кечинде IRIB мамлекеттик телеканалына билдиргендей, “душмандын чырагына май тамызган адамдар” алардын аскерлериндей эле катуу чарага туш болот.

Радан коопсуздук күчтөрү Ислам жумуриятын коргоо үчүн күжүрмөн даярдыкта турганын белгиледи.

Декабрь-январь айларында Иранда ири толкундоолор тутанып, экономикалык каатчылыкка нааразы болгон эл көчөлөргө агылган. Бара-бара режимге каршы саясий талаптар жаңырган демонстрацияларга айланган.

Бийликтин маалыматы боюнча ошондо 3 миңден көп киши каза тапкан. Укук коргоочу уюмдар курмандыктардын саны мындан эселеп көп деп келишет.

АКШ жана Израил менен куралдуу жаңжал тереңдеген сайын Ислам жумуритянынын жетекчилиги демонстрациялардын күчөшүнөн чочулайт.

Ошол нааразылык акциялары башталганда өлкөдө интернет өчүрүлгөн. Кийин жарым-жартылай калыбына келтирилип, ар кайсы жерде үзүл-кесил берилип келди.

Соккулар башталган 28-февралдан бери интернет кайрадан иштебей калган. Netblocks Internet connectivity мониторинг тобунун маалыматына караганда, ушу тапта дүйнөлүк желе менен байланыш адаттагы деңгээлдин 1% гана түзөт.

Эксперттер менен укук коргоочу уюмдар Иран бийлиги маалыматты чектөө менен жаңжал же толкундоолор маалында көзөмөлдү күчөтүүнү көздөгөнүн белгилешет.


Шерине

XS
SM
MD
LG