11-мартта АКШда мыйзамсыз жүргөн 65 өзбекстандык жаран мекенине депортацияланды. АКШнын Ташкенттеги элчилиги кабарлагандай, “бул рейс АКШ өз чек араларынын коопсуздугун камсыздоо үчүн жасаган кезектеги кадам болуп калды”.
Элчилик Дональд Трамп президенттик кызматын аркалай баштагандан бери өзбекстандык бир миңден ашуун жаран АКШдан мекенине кайтарылганын белгиледи.
«Кошмо Штаттарга мыйзамсыз кирген адамдар абакка камалып жана депортация болорун билүүгө тийиш... АКШ депортация ишинде кызматташканы үчүн Өзбекстандын өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирет”, - деп кошумчалады дипломатиялык миссия.
Январда Ташкентке репатриациялык каттам менен АКШдан 44 өзбек жараны кайтып келген. Алардын көбү Мексика менен чек арадан өткөндөн кийин миграциялык борборлорго жөнөтүлгөн. Бардыгы болуп андай рейстер Өзбекстанга 700дөй кишини жеткирген.
Февралдын этегинде АКШ Өзбекстандагы эки компаниянын жетекчилерине мыйзамсыз миграцияга көмөктөшкөнү үчүн визалык чектөө киргизген.
Мамлекеттик департамент билдиргендей, бул компаниялардын жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери чет өлкөлүктөрдү, анын ичинде балдарды Борбордук Америка аркылуу АКШга мыйзамсыз алып өтүүгө жардам берген.
Буга чейин Американын Ташкенттеги элчилиги өзбек жарандарын АКШга барууда “коопсуз жана мыйзамдуу” жолдорду колдонууга чакырып, кирүү эрежелерин бузгандар тез арада депортация болорун эскерткен.
Шерине