Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:00

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиев кармалды

Куванычбек Конгантиев
Куванычбек Конгантиев

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиев камакка алынганы 11-мартта кабарланды. Маалымат атайын кызматтагы булактар аркылуу ырасталды. Ал кайсы иш боюнча кармалганы азырынча белгисиз.

Бир күн мурда, 10-мартта ал депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу боюнча арыз берип, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) отурумга катышкан 10 мүчөсү бир добуштан колдогон чечимин чыгарган.

БШКнын чечимин Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Махабат Кожокеева окуду.

“№21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Конгантиев Куванычбек Камбаралиевичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун. Ошондой эле, ага берилген ырастамасы жараксыз деп таанылсын”.

45 жаштагы Куванычбек Конгантиев 2025-жылы ноябрда өткөн шайлоодо Бишкектеги №21 округдан парламентке депутат болуп шайланып келген. Беш миллион сомдой каражат жумшап, 13 379 добуш алган. Парламентте “Эл үмүтү-Ата Журт” депутаттык тобунун мүчөсү болгон.

Кесиби боюнча юрист. Бишкек шаардык кеңешинин бир нече чакырылышына депутат болгон жана 2021-2024-жылдары шаардык кеңештин төрагасы катары эмгектенген. Кыргызстандын Дзюдо боюнча улуттук федерациясынын президенти катары да белгилүү. Мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу.

Конгантиев Ташиевдин чөйрөсүндөгү адамбы?

Куванычбек Конгантиевди УКМКнын мурунку төрагасы Камчыбек Ташиевге да тыгыз байланыштырышат. Конгантиев анын уулу Таймурастын өкүл атасы катары аталып келет.

Саясатчы Мавлян Аскарбеков Жогорку Кеңештеги депутаттардын биринин артынан бири кетип жатышы Камчыбек Ташиевдин таасириндеги адамдарды тазалоо ишинин бир көрүнүшү экенин белгилейт.

“Акыркы Жогорку Кеңештеги мандат тапшыруу бул Ташиевге тиешелүү, Ташиевдин жардамы менен келген депутаттардын мандат тапшыруусу экенин баарыбыз жакшы билебиз. Менин оюмча, президент жана анын командасы муну абдан жакшы туура түшүнүшү керек. Себеби, азыр Жогорку Кеңештен кетип жаткан жана кете турган адамдар, тизмесин да баарыбыз эле билебиз, ачык эле президентке каршы жана президентти кызматынан алып түшүү планы менен иштеген адамдар болгон”.

9-мартта социалдык тармактарда Куванычбек Конгантиевдин 100дөн ашык мүлкү бар экени тууралуу видео жарыяланган. Анда ал Бишкек шаардык кеңешинде депутат жана жер комиссиясынын жетекчиси болуп турганда борбордогу бир катар жерлерди ижарага алып, кийин менчикке чыгарып, көп кабаттуу үйлөрдү, ар кандай коммерциялык имараттарды салганы айтылат. Аларды апасына жана жакындарына каттатып койгону тууралуу сөз болот.

“Азаттык” бул видео боюнча комментарий алуу үчүн Куванычбек Конгантиевге байланышканда кийинчерээк телефон чалып коёрун айтып, ошол бойдон байланышка чыга элек.

Бишкек мэри: "Депутаттар өз кызыкчылыгына иштеген учурлар көп"

Бишкек шаардык кеңешинин айрым депутаттары муниципалдык мүлктү өз кызыкчылыгына пайдаланган учурлар көп экенин шаар мэри Айбек Жунушалиев «Азаттыкка» курган маегинде Жогорку Кеңештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиевдин борбор калаадагы мүлкү тууралуу маалыматка комментарий берип жатып билдирди.

Мэр “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдын талабы боюнча ага кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттер билинип калса, аны жашырып-жаппастан, укук коргоо органдарына берүүгө милдеттүү экенин айтат.

Жунушалиев 2025-жылдын 30-январында шаардык кеңештеги «Жаңы Күч» фракциясынын депутаттары менен кайым айтышууда айтылган мүлктөр тууралуу маалыматтарды эске салды. Андагы депутаттарга тиешелүү 9 ижара жери тууралуу фактылар реалдуу картинанын 10-15% эле экенин айтып, алар укук коргоо органдарына берилгенин белгиледи.

«Мен расмий жарыя кылгандан кийин ал маалымат укук коргоо органдарына да берилет, алар текшерүү жүргүзүшү керек. Бирок, калыстык үчүн айтып коёюн, бир гана депутаттар боюнча эле берген эмеспиз. Андан сырткары, «ошол мэрияда болгон жетекчиликтин да үстүнөн карагыла» дегенбиз. Кайсы муниципалдык мүлк ижарага же менчикке чыгып кеткен болсо, ошонун баарын мыйзам алкагында тууган-уругубузга чейин карап чыккыла дегенбиз. Карап, иликтеп чыккыла, эгер ошондой көрүнүштөр болсо, анда чаралар көрүлүшү керек. Мүлк мэриянын менчигине кайтарылып берилиши керек. Себеби, биз салыктык эмес кирешелерди да көбөйтүшүбүз керек. Ижараны эле көтөрбөстөн, базаны дагы кеңейтиш керек деген максатта биз ошондой талап койгонбуз. Бүгүн ушундай видеолор чыгып же кандайдыр бир иш-аракеттер көрүлүп аткан болсо, анда ошол иштердин уландысыбы же системдүү жүрүп аткан иштин алкагында болуп жатабы деген ой. Бизде башка маалымат жок. Биз өзүбүздүн мыйзам алкагында болгон укугубузду колдонуп, маалыматтарды бергенбиз. Ошону менен кетип атат».

«Жаңы Күч» фракциясынын андагы жыйынында депутат Максат Токтогулов муниципалдык жерди шаар бийлигинен айына 66 миң сомдон ижарага алып, кайра 9 миң долларга субижарага берип иштеткени тууралуу маалымат айтылган болчу. Ал кезде фракция лидери болуп турган Куванычбек Конгантиев мыйзамсыз иштер болсо укук коргоо органдарына кайрылууну сунуш кылган. Кийинчерээк Максат Токтогулов мэр так эмес маалымат бергенин, ага таандык делген мүлк депутат болгонго чейин алынганын жана мыйзамдуу экенин билдирген.

Жакында таркаган тасмада Максат Токтогулов Конгантиевдин өкүл уулу катары сыпатталган жана ага да бир катар мүлк катталганы белгиленген.

Токтогуловдун өзүнөн комментарий алуу азырынча мүмкүн боло элек.

2025-жылдын 30-ноябрында өткөн шайлоодо Жогорку Кеңештин VIII чакырылышына 87 депутат шайланып келген, калган үч депутат мандатын кийин алды. Камчыбек Ташиев 10-февралда УКМК төрагалыгынан алынгандан кийин парламенттин спикери Нурланбек Тургунбек уулу баштаган бир катар депутаттар мандатын тапшырган. Серепчилер алдыда мандат тапшыруу парады дагы уланышы мүмкүндүгүн болжоп жатышат.

Шерине

XS
SM
MD
LG