Чет өлкөлүк алты миңден ашуун фирма санкция салынган товарларды орус компанияларына жана согуш өнөр-жай комплексин тейлеген мекемелерге экспорттоп келатат. Мындай тыянакка The Insider басылмасы орусиялык компаниялардын тышкы соодага байланышкан 2024-2025-жылкы маалыматтарын иликтеп чыккандан кийин келди.
Басылма алар негизинен Кытай, Түркия, Бириккен Араб Эмирликтери жана Индиядагы фирмалар экенин аныктаган.
Мисалы кытайлык Henan New Silk Road International Орусияны 3 миллион долларга жүздөн ашуун турбореактивдүү кыймылдаткыч менен камсыздаган. Аларды ири аскердик пилотсуз учактарда колдонушат. Товарды чыгарган деп иш жүзүндө жок фирма жазылган, адресаты деп "кара тизмедеги" орусиялык "Чипдевайс" компаниясы көргөзүлгөн.
The Insider белгилегендей, Кытай компаниялардын саны гана эмес, киргизилген товардын көлөмү жагынан да биринчи сапта турат.
Бирок сапатын эске алганда, Түркия алдыда экени белгиленет. Ал өлкө экспорттогон товарлардын 68% Европа, Жапония жана Кореяда жасалган жогорку класстагы техника түзөт.
Былтыр сентябрда украин президенти Владимир Зеленский БУУнун Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөндө Кытай Орусияны согушту токтотууга көндүрө алат эле деп айткан. «Бирок Кытай көп учурда унчукпай коет жана тынчтык үчүн активдүү аракеттерден оолак калууда», - деп белгилеген Зеленский.
Бээжин жаңжалдашкан тараптардын бирине да курал-жарак сатпаганын, Украинадагы согушка тиешеси жоктугун айтып келатат.
Кытай бул урушта расмий түрдө нейтралдуу позицияны ээлейт жана ага сүйлөшүүлөр аркылуу чекит коюуга үндөп жүрөт. Ошол эле маалда Москвага каршы эл аралык санкцияларга кошулган эмес.
Буга чейин Кыргызстандагы бир нече компания Орусияга каршы киргизилген жазалоочу чараларды буйтап өтүүгө жардам берген деген кине менен АКШ, Британия жана Еврошаркеттин "кара тизмелерине" илинген.
Шерине