Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:33

БШК Азыгалиевди арызынын негизинде депутаттык мандаттан ажыратты

Нурланбек Азыгалиев.
Нурланбек Азыгалиев.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиевди өзү жазган арызынын негизинде мандатынан ажыратты. Арызды Боршайком 15-мартта карады.

Азыгалиев өзүнүн чечими тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Жогорку Кеңештин азыркы курамы жаңы шайланып келгенде Азыгалиев "Ата-Журт" депутаттык тобунун лидери болгон жана бул топто Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын депутаттар бар экени айтылып келген. Ташиев кызматтан кеткенден кийин анын аты “Эл үмүтү Ата-Журт” болуп өзгөрүп, Азыгалиев башчылыктан кеткен.

БШК 14-мартта Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шаирбек Ташиевди өзү жазган арыздын негизинде депутаттык мандаттан ажыраткан. Ал өзү Фейсбук баракчасы аркылуу түшүндүрмө берип, бул кадамга өлкөдөгү саясий стабилдүүлүк, элдин тынчтыгы үчүн барууга аргасыз болгонун белгилеген.

Ушуну менен Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын жети депутаты мандатын тапшырды, алар: Нурланбек Азыгалиев, Шаирбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Куванычбек Конгантиев, Кундузбек Сулайманов, Нурланбек Тургунбек уулу жана Элдар Сулайманов. Дагы бир депутат Жанарбек Акаев президенттин буйругу менен Ош шаарына мэр болуп дайындалган.



Шерине

XS
SM
MD
LG