Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:01

"Эч ким эмес мырза Путинге каршы" тасмасы Оскар утуп алды

Павел Таланкин (солдон экинчи) жана тасма режиссеру Дэвид Боренштейн (солдон биринчи) Оскар сыйлыгын тапшыруу аземинде. 15-март, 2026-жыл.
Павел Таланкин (солдон экинчи) жана тасма режиссеру Дэвид Боренштейн (солдон биринчи) Оскар сыйлыгын тапшыруу аземинде. 15-март, 2026-жыл.

"Эч ким эмес мырза Путинге каршы" тасмасы 15-мартта документалдык фильмдер арасында Оскар сыйлыгын жеңип алды.

Кремлдин Украинага согушуна каршы тынч аракеттенген мугалим жөнүндөгү тасманын режиссерлору Дэвид Боренштейн жана мугалим Павел Таланкин. Фильм Таланкиндин Уралдагы шахтерлордун жакыр шаары Карабаштын мектебиндеги ишин баяндайт.

Тасмада президент Владимир Путиндин өкмөтү окуучуларга согуштук идеяларды кантип сиңирип жатканын көрсөтүү максатында Таланкин өзү мектепте эки жыл бою тарткан видеоматериалдар пайдаланылган.

Орусиянын Билим берүү министрлигинин өтүнүчү менен 35 жаштагы мугалим Таланкин Карабаштагы башталгыч мектепте согушту колдоо үчүн пропагандалык материалдарды тартууга көмөктөшкөн. Бирок аткаминерлер мугалим өзүнүн тарткандарын орус өкмөтүнүн мектеп окуучуларын "атуулдукка тарбиялоо" кампаниясы тууралуу документалдуу тасмага айландырышынан шек санашкан эмес.

The Hollywood Reporter басылмасы "таасирдүү жана ачык хроника" деп атаган тасмада Таланкин өзүнүн куугунтукталганын көрсөткөн.

"Эч ким эмес мырза Путинге каршы" тасмасы өлкө кантип жок болуп баратканын баяндайт, бул тасмадагы кадрлар менен иштеп жатып, биз бул эсепсиз майда катышуулардан улам ишке ашып жатканын көрдүк", - деди режиссер Боренштейн сахнада Таланкин менен чогуу туруп.

"Өкмөт адамдарды биздин ири шаарлардагы көчөлөрдө өлтүрүп жатканда, байлар ЖМКларды басып алып, биздин өндүрүштү көзөмөлдөп жатканда эч нерсе дебегенибиз - кошо катышканыбыз", -деп кошумчалады Боренштейн.

Лос-Анжелестеги сыйлык тапшыруунун алдында Таланкин: "Мага эки жыл мурун баары ушундай болорун айтсаңар, мен бетиңерге күлмөкмүн", - деди.

Паша деген ат менен белгилүү Таланкин Орусиядан 2024-жылы даректүү тасмага негиз болуп берген материалдар камтылган дисктер менен качып чыккан. Ал режиссер Боренштейн менен онлайн таанышып, тасма тууралуу сүйлөшкөн. Эки жыл бою Боренштейн тасманын тартылышын Европада туруп, онлайн жетектеген. Тасма буга чейин февраль айында Лондондо мыкты даректүү тасма катары BAFTA сыйлыгына ээ болгон.

Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда кол салган.

Шерине

XS
SM
MD
LG