Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:01

"Абрамзондон эл үчүн кечирим сураган". Кыргыздын ташын да сүйүп өткөн Кеңеш Жусупов

Кеңеш Жусуповду акыркы сапарга узатуу. (Айрым сүрөттөр Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Фейсбук баракчасынан алынды).
Кеңеш Жусуповду акыркы сапарга узатуу. (Айрым сүрөттөр Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Фейсбук баракчасынан алынды).

Кыргыз адабиятында кайталангыс изи бар Кеңеш Жусупов акка моюн сунду. Маркум акыркы сапарга Кыргыз академиялык драма театрынын астынан узатылды. Аны менен коштошуу үчүн атпай журтка таанымал акын-жазуучулар, интеллигенция өкүлдөрү анан жазуучунун талантын сыйлаган окурмандар келишти.

Жалган курандын он үчүндө бу жарык менен коштошкон Кеңеш Жусупов өмүрүнүн соңуна чейин калемин таштабады. Жакындан билгендер жазуучу сапары карыганын сезгендей изденип, тынымсыз иштегенин эскеришет.

Элиме мурас калсын дегенсип кырк томдук “Кыргыздар” жыйнагын түзүүгө катышты. Ага кыргызды изилдеген тарыхчылардын эмгектерин, “Теңири Манас” чыгармасын, кенже эпосторду, улуттук салт-санаа, ырым-жырымдарды, кыргыз адабиятынын берметтерин иргеп киргизди. Эгемендик доорунда тапталып, такшалган акын-жазуучулардын чыгармаларын да унутта калтырган эмес.

Академик, сынчы Абдыганы Эркебаев жазуучуну сөз зергери деп сыпаттап, тарых үчүн зор эмгек кылганына токтолду.

Абдыганы Эркебаев.
Абдыганы Эркебаев.

"Кыргыздын тарыхын Хакасия, Алтай, Тувага чейин барып изилдеп келди. Акыркы жолу "Кыргыздар" эмгегин түздү. "Байыркынын издери", "Байыркы кыргыз маданияты" деген илимий изилдөөлөрдү дагы чыгарды. Жалпы академиянын колунан келбеген иштерди кыргыз элибизге тартуулады. Саякаттап, бир катар эмгектерди жаратты. "Ырга айланган өмүрдү" жазып, Алыкул Осмоновго экинчи өмүр тартуулады десек болот. Эч убакта бой көтөрүп, менменсинген киши эмес. Назиктиги, жөнөкөй жүрүм-туруму менен жаштарга үлгү болду. Колунан келишинче жардам берүүгө аракет кылып жүрдү. Мен дагы ошондой аракеттердин күбөсүмүн. Ал кишинин көптөгөн кеп-кеңештерин уктум. Аалы Токомбаев, Касым Тыныстанов кыргыз адабиятынын биринчи мууну болсо, мен үчүн Кеңеш Жусупов Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков баштаган экинчи муундун алптарынын бири".

Чогулгандардын айтымында, Кеңеш Жусупов тарыхты изилдеп, байыркы кыргыздар байырлаган аймактарга барган сайын бирден таш көтөрө келчү экен.

Кеңеш Жусупов менен биргеликте “Кыргыздар” томун түзгөн, Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев устаты кыргыздын ташын да сүйгөн, Кыргыз болууну үйрөткөн инсан болгонун айтты:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

“Кеңеш агай "мен мугалиммин" дечү. Мугалим бизге окуганды, санаганды үйрөтсө, Кеңеш агай мугалим катары бизге өмүр бою кыргыз болууну үйрөттү. Кыргыз тилинин, салтынын, рухунун, суусунун, жеринин, кыргыз болуунун ыйыктыгын даңазалап жүрүп өттү. “Байыркынын издери” деген китебин жазып, адашып кеткен күлүгүбүздү таап бергендей болду. Чаң баскан сөздөрдү алтынга айлантты. Ырдалбай калган обондорду, айтылбай калган салттарды, катылып жаткан сырларды ачып берди. Жетимишинчи жылдары Абрамзон деген окумуштуу кыргыз этнографиясын иликтеп жазганы үчүн ошол доордон сөгүш угуп, куугунтукталып, Кыргызстандан чыгып кетет. Ошол жылдары орто жашка барып калган Кеңеш Жусупов Санкт-Петербургга барып таап, учурашат. Анан ал киши “сен кимсиң?” дейт. "Мен кыргызмын" дейт агай. “Эмнеге келдиң?” дейт. “Мен сизден кечирим сураганы келдим” дейт. Ошондо ал киши ыйлап жиберген экен. Бүтүндөй улуттун намысын сакташ үчүн кээде бир эле сөз керек. Кеңеш Жусупов кыргыздын ташын дагы сүйгөндү үйрөттү. Кыргыз рухун, элин бийиктетип кетти. Өмүрүнүн жарымын арнаган “Ала Тоо” журналын Маданият министрлиги менен апрелде, туулган күнүндө чыгарып, сүйүнчүлөйлү деп жатканбыз. Атаганат ал күнгө жетпей калды”.

Кеңеш Жусупов саясатка көп чыгып, тарых, адабият үчүн баалуу эмгектерди жараткан. Сакура гүлүнө оролгон Жапонияга барып, “Япония элестерин", байыркы маданияттын, архитектуранын очогу Италия тууралуу “Микеланжелонун мекенин” жазган.

Ушул жол очерктери аркылуу темир көшөгөнүн артында жашаган кыргыздарга дүйнө, Батыш кантип өнүгүп жатканын көрсөткөн. Азыркы санарип доорундагы смартфон, камералар жок кезде эле өлкөлөрдүн портретин кыргыздын көөнө сөздөрү менен келиштире тартып койгон.

Мамлекеттик катчы, жазуучу Арслан Капай уулу жазуучунун бул эмгектери кыргыз адабиятын шедеврлеринин бири экенин белгиледи.

Арслан Капай уулу.
Арслан Капай уулу.

“21-кылымдын башында баарыбыз саякаттап жүрөбүз. Бирок ошол доордун башында саякатты кыргызга үмүт берип жазган ушул киши болду. Ошол эмгектерди азыр окусаң дагы дүйнөң байып, көзүң ачылат. Бул демек, “Ай, кыргыз баласы дүйнөнү жөн кезбей бирдемени үйрөн, ошол үйрөнгөнүң улутуңдун өнүгүшүнө салым болсун" деген белги. Биз, 21-кылымдын мууну - бактылуу экенбиз. Кеңеш Жусуповдой залкарларды көрдүк. Эми Кеңеш Жусуповдой жол салып кеткен 21-кылымдын залкарларын көрөлү. Кеңеш Жусуповдой залкарлар, алптар жаралсын” деп үмүт кылабыз”.

Кыргыз эл акыны Сагын Акматбекова кийин Басё, Исса баштаган жапон акындарынын ырларын которгон. Акын Чыгыштын бир эле учурда назик жана терең поэзиясына Кеңеш Жусуповдун сунушу менен үңүлгөн экен.

Сагын Акматбекова.
Сагын Акматбекова.

“Каныбек (Иманалиев-ред.) айткандай, “Жүрөгүм менин тоолордо” деп жаш кезинде эле айтып кеткен да. Мына эми жүрөгү тоолордо, топурагында калганы жатат. Кыргыз элинин жүрөгүндө калат. Ал киши өмүр бою иштеди, өмүр бою элим деп жашады. “Ала Тоо” журналын жетектеп турду. “Кыргыздар” деген томдукту чыгарды. Алыкул Осмонов тууралуу “Ыр сабындагы өмүр” деген эмгегин жазды. Мен Алыкулдын айылы Каптал-Арыкка коңшу Орто-Арыкта туулгам. Ошол китеп жазылган убакта Алыкулду эстегендер аз болчу. Шаршенбек Үмөталиев гана жазып жүрчү эле. “Ыр сабындагы өмүрдөн” кийин Алыкулду жаштар окуй баштады. Кеңеш Жусупов адам катары эң сонун киши эле. Улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй мамиле кылган кең пейил киши эле. Баарыбызга окутуучу, биз ага шакирт болдук. Эң жакшы досу Кубатбек Жусубалиев. Ошол киши экөө Манас туулган Алтайды кыдырып келишти. Саякаттаганды өтө жакшы көрчү. Анан Жапонияны кыдырды. Италияга барды. Анан бир күнү мага “Сагын сен ошол жапондорду которуп көрсөңчү, ырларың ошолорго үндөшүп кетип жатат” деп айтты. Басёну, Иссаны которуп калышыма Кеңеш агай себепчи болду. Мурза Гапаров досу эле. Ал киши Жапонияны бир көрүүнү көксөп өтүп кетти”.

Кеңеш Жусупов поэзия сүйүүчүлөрдүн пирине айланган Алыкул Осмоновдун өмүр жолуна айылда жүргөндө кызыккан экен. “Ыр сабындагы өмүр” 1975-жылы ага Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгын алып келген.

Филология илимдеринин доктору, профессор, адабиятчы-сынчы Үмүт Култаева буга чейин "Азаттыкка" курган маегинде Кеңеш Жусупов ушул эмгеги менен эссе жанрынын мыкты үлгүсүн калтырып кеткенин айткан эле.

Үмүт Култаева.
Үмүт Култаева.

“Кеңеш Жусуповдун Алыкул Осмонов жөнүндө эскерүүсү – бул эссе. Бизде бул жанр анча өнүккөн эмес. Эссенин эң мыкты үлгүсүн Кеңеш Жусупов “Ыр сабындагы өмүрдө” берди да. Ал адамдын өмүрүндөгү биз билбеген фактыларды алып чыккан. “Жыпардын упчусу” дегени эле адамдын жүрөгүн титиретет, ыйлатат. Алыкул берген түйүнчөктү ачканда анда дагы бир түйүн, аны ачса баланын упчусу жатпайбы. Акындын бүтүндөй бактысын, кубанычын, трагедиясын, кайгы-капасын да ушул упчу көрсөтүп койду да. Көркөм адабиятта көркөм деталь деген бар да. Жусупов ошол көркөм деталды ушунчалык келиштире жазган. Ошол эле Алыкулдун отургучу. Аны Кеңеш Жусупов таап, сатып алган. “Троллейбустагы орустар жапайы кыргыз деп жаман көргөнүнө карабай, төбөмө көтөрүп келгем, анткени ал баалуу эле” дейт. Анан ошол отургучту алып келип, Мурза Гапаровго “мен отурбасам мейли, сен отур” деп бериптир. Достуктун улуулугун караңызчы... Мурза Гапаров дүйнөдөн кайтканда, Кеңеш Жусупов биздин институтта иштечү. Эки айдай өзүнө келе албай жүрдү агай. Достукту баалаган адамдар ушундай болот. Ошон үчүн достук, үй- бүлө, сүйүү ошонун баарын кошуп, керемет чыгармаларды жаратты да".

Айтмакчы, "Азаттыкка" акыркы маегинде Кеңеш Жусупов акындын отургучтарынын бирин Кубатбек Жусубалиевдин үйүнө коюп кеткенин айткан жайы бар.

Кыргыз эл акыны Меңди Мамзаирова кезинде өмүрлүк жары Жолон Мамытов менен бирге жүргөн, иштешкен калемдеши адабиятка ушул “Ырга айланган өмүр” менен күргүштөп киргенин айтты.

Меңди Мамазаирова.
Меңди Мамазаирова.

“Ырга айланган өмүр” аны жаштар арасында, Алыкулду аздектеген акындар арасында таанымал кылды. Андан кийин Кеңеш Жусупов жалаң адабият жаатында гана иштеди. Чет мамлекеттерге эч ким бара электе барды. Кыргыздын тарыхын изилдеди. Эң аягында “Кыргыздар” деген кырк томдукту чыгарууда өзү жетекчилик кылды. Кыргыздын тили үчүн, тарыхы үчүн күрөшкөн жакшы жазуучулардын бири эле. Турмушунда да тынч жашады. Чыныгы жазуучунун өмүрүн Кеңеш Жусупов сүрдү десек болот. Дос катары чай ичишип жүрдүк бир кезде. Жолон экөөнүн мамилеси жакшы эле. "Кеңештин адамгерчилигин, эмгекчилдигин, сыпаалыгын кыздай сүйөм" деп тамашалап айтып калчу”.

Кеңеш Жусуповду акыркы сапарга узатууга катышкандар тоолуктарга мүнөздүү токтоолугун, ким болбосун тилин тапкан дипломаттай сыпаалыгын, бийик адамгерчилигин белгилеп жатышты.

Мындан эки жыл мурда, жазуучу 86 жашка чыкканда “Азаттыктын” кабарчысы Максат Жангазиев үйүнө барып видео тарткан эле. Ошол видеодо Кеңеш Жусупов карылыкты Чыгыштын акылмандарындай тосуу керектигин айтканын көрүүгө болот.

“Армандарды айтпай, эртели-кеч бата айтып, тилек айтыш керек. Бул дүйнөгө, жашоого, чыгармачылыкка ыраазымын. Акыркы жылдары санап калган өмүрдө ушундай эле болот экен. Руханий дүйнөңдүн тазалыгына жараша чыгарма чыгат. Ошого жараша жазылат. Эгерде жаман ойлосоң, ниетиң түз болбосо анда жакшы чыгарма болбой калат. Элиңди сүйбөсөң, күйбөсөң дагы жаза албайсың. Жан дүйнөсү менен руханий дүйнөсүн таанып билип, тарбиялабаң эч нерсе чыкпайт”.

Кеңеш Жусупов 1937-жылы 14-апрелде Нарын районундагы Эчки-Башы айылында жарыкка келген. Он үч бир туугандын туну. Кичинесинде асырап алган Жусуп атасы 1937-жылы репрессия болуп, эки жылдан кийин кайтып келген.

Кеңеш Жусупов башында юрист болууну самап, КМУнун (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине) келип, укук факультетине эки жолу өтпөй калат. 1956-жылы КМУнун кыргыз тил жана адабият факультетине кабыл алынган. 1958-жылы алгачкы аңгемеси "Ленинчил жаш” гезитине жарыяланган. Анын “Эне кудрети” аңгемесине Чыңгыз Айтматов жогору баасын берген. Кеңеш Жусупов кийин Айтматов менен төрт жыл иштешкен экен. Жазуучу Ашым Жакыпбеков менен бирдикте "Манас" эпосун проза түрүндө баштап, кийин өз-өзүнчө жазышкан. Кеңеш Жусупов жазган вариант бир канча тилдерге которулган.

89 жашында дүйнө салган жазуучунун артында жубайы, уулу жана неберелери, ошондой эле чыгармалары менен аларды баалаган окурмандары калды.

Кеңеш Жусуповду акыркы сапарга узатуу учуру. 15-март, 2026-жыл.
Кеңеш Жусуповду акыркы сапарга узатуу учуру. 15-март, 2026-жыл.

Шерине

XS
SM
MD
LG