Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:21

Кеңеш Жусупов: Тарыхый эстутумду ырааттуу чыңдаган залкар жазуучунун адабий кечеси


Кеңеш Жусупов. 04.10.2012.
Кеңеш Жусупов Ички Теңир-Тоодогу Эчки-Башы суусунун боюнда. 04.10.2012.

Шаршембиде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде чыгаан жазуучу, публицист жана коомдук ишмер Кеңеш Жусуповдун адабий кечеси өткөрүлдү. Тарыхчынын блогу.

Чын куран (апрел) айынын 17синде Бишкек шаарында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы имаратындагы Башкы жыйын залында Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун чыгармаларынын беш томдугунун жарык көрүшүнө байланыштуу адабий кече өткөрүлдү.

“Кеңеш Жусупов: Кыргыз маданияты жана адабияты” аталган жумурияттык илимий-тажрыйбалык жыйын түрүндө өткөрүлгөн кеченин маалында кадырман жазуучу Кеңеш Жусуповго “Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору” наамы да ыйгарылды. Бул тууралуу КУУнун интернет барагында да шардана кылынды.

Бул илимий жана жамаагаттык жыйынга келген айдыңдар, коомдук ишмерлер, жазуучулар, акындар, тилчи, адабияты, фолклор таануучу, этнограф жана тарыхчы илимпоздор чыгаан жазуучунун мурдагы жана жаңы чыгармалары тууралуу гана эмес, жалпы эле коомдук-чыгармачыл ишмердиги жөнүндө да дилбаяндарын ортого салышты.

Илимий-тажрыйбалык жыйындын катышуучулары залкар жазуучу К.Жусуповго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогору наамын ыйгаруу жөнүндө демилгени бир добуштан колдоого алышты, деп жумурияттык "Кут Билим" гезити өзгөчө белгиледи.

Менин оюмча, бул шеринедеги сөздөр тарыхчылар үчүн өзгөчө олуттуу мааниге ээ. Анын бир нече өңүтү бар.

Оболу, жазуучу Кеңеш Жусупов жеке көркөм чыгармачылыгы аркылуу 1960-жылдары чоң дүбүрт менен келген кыргыз көркөм калемгерлеринин бараандуу өкүлү катары таанымал.

Анын бир катар чыгармалары элетти, тоолуктардын карапайым турмушун жана дилин чагылдырган жаңычыл эмгектер катары жылуу сөзгө арзыган.

Кеңеш Жусупов инсан таануу жаатында да дың буза билген калемгер.

Акын Алыкул Осмоновдун тагдырындагы белгисиз барактар болобу, же сталинизм доорунда жазыксыз жерден жайран болгон тарыхчы Белек Солтонкелди уулу Солтоноевдун өмүрү жана анын чексиз баага татыган көзгө басар “Кызыл кыргыз тарыхы” эмгеги болобу, айтор, алгач илим жана маданият чөйрөсүнө Кеңеш Жусупов өзү маалым кылган тагдырдык барактар арбын.

Кеңеш Жусупов агабыз - кыргыздын өзгөчө айырмалуу саякатчы айдыңы. Анын Италияга жана Жапонияга жасаган сапарлары тууралуу өзүнө арбаган баяндары кыргыз көркөм адабиятында сапарнаамалар жанрын өнүктүрүүгө кошулган татынакай салым болуп калды.

Ал өзүнүн досу, жазуучу Кубатбек Жусубалиев (Кердегей) менен бирге жана өз алдынча Энесайды, Алтайды карай жасаган сапары, Хакасияда айтылуу этнограф Астайбек (Виктор Яковлевич) Бутанаев менен жолугушуусу жана достошуусу тууралуу маркум Астайбек агайдын өзүнөн да нечен ирет жылуу сөздөр уккан элем.

Кеңеш Жусупов менен Кубатбек Жусубалиев. 25.12.2020.
Кыргыз эл жазуучулары Кеңеш Жусупов менен Кубатбек Жусубалиев. 25-декабр, 2020-жыл.

1970-жылдары айтылуу этнограф Саул Абрамзон Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы тарабынан жазыксыз жерден адилетсиз сынга учураган чакта, отуздардагы жаш жазуучу Кеңеш Жусупов Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) шаарына барып, кыргыз таануучу этнограф аксакалга жалпы ала-тоолук айдыңдардын өкүлү катары жылуу сөз айткан учур да эч унутулгус.

1980-жылдары кыргыз тарыхчыларынын расмий жетекчилиги коммунисттик идеологиянын жана геосаясаттын күрдөөл маселелерине шылтап, Энесай Кыргыз тарыхынын барактарын тарыхыбыздан чийүү аркылуу тарыхнааманы бурмалап жаткан чакта, Кеңеш Жусупов кыргыз тарыхынын ар кыл барактарына, анын ичинде Энесайга да байланыштуу даректүү маалыматтарды өзү жетектеген “Ала-Тоо” журналына кыргызча котортуп, байма-бай жарыялоо аркылуу иш жүзүндө тарыхчы мугалимдер үчүн журналдык хрестоматия жаратып койгону да өз доору үчүн зор каармандык болчу.

Расмий коммунисттик адабиятта “Атамекен”, “Атажурт” сөздөрү жерилип, “Родина” деген орусча сөз таңууланып турган кезеңде, жазуучу агабыз “Ата-Журт” деген аталыштагы китебин жарыялаган.

Ал кыргыз тарыхын кемитпестен көркөм чагылдыруу жаатында кеменгер жазуучулар Түгөлбай Сыдыкбек уулу, Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков сыяктуу бабабарыбыздын жолун улантты.

Анын бир тамчыдан чогулткан жана акыры көп томдук “Кыргыздар” жыйнагына айланган маалыматтары 1990-жылдары кошумча хрестоматиялык адабиятка таңсык болуп турган тарыхчылардын, адабиятчылардын жана башка агартуучулардын таберик китебине айланган.

Кийинчерээк Кеңеш агайыбыз өзүнүн кичүү үзөңгүлөшү, жазуучу, журналист жана коомдук ишмер Каныбек Иманалиев менен бирдикте бул олуттуу долбоорду улантып, акыры, 2023-жылы, “Кыргыздар” жыйнагы 40 томдук болуп жарык көрдү.

Бул – өзүнчө эле энциклопедиялык топтом.

Андан көөнө доорлордон берки чет тилдердегни жазма тарыхый булактардан үзүндүлөрдүн кыргызча котормолорун гана эмес, залкар тарыхчылар жана кыргыз таануучулар Василий Бартольд, Саул Абрамзон, Өмүркул Караев, Юлий Худяков, Астайбек Бутанаев, Анвар Байтур, Сабыр Аттокуров жана башкалардын эмгектеринин бир катар маанилүү өрнөктөрүн, орхон-энесай руна сымал жазмасы аталып келген битик жазмасындагы эстеликтерди, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари Барскани жазган эмгектерден үзүндүлөрдү, манас таанууга байланыштуу мыкты иликтөөлөрдү, кыргыздын кийинки оозеки жазма адабиятынын Ала-Тоодогу жана анын кыйырынан сырткаркы тарыхый аймактардагы мурастарынан ар кыл өрнөктөрдү, тарых жаатындагы илимпоздор менен публицисттердин эмгектеринен үзүндүлөрдү учуратабыз.

Кеңеш Жусупов манасчы Жусуп Мамай менен. 1989.
Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов кытайлык кыргыз манасчысы Жусуп Мамай менен. Бишкек. 1989-ж. бугу (май) айы.

Кытайлык кыргыздардын көркөм жана илимий мурасынан да кыйла эмгектер дал ушул “Кыргыздар” жыйнагында ырааттуу чагылдырылып келди.

Дал ушул эмгеги аркылуу дагы Кеңеш Жусупов агайыбыз тарыхты аздектөөчүлөрдүн жогорку сый-урматына татып келет.

Албетте, бүгүнкү адабий кечеге алыста болсом да, интернеттин көмөгү менен катышууга мүмкүнчүлүк алдым.

Видео тасма. Жазуучу Кеңеш Жусуповдун чыгармачыл саамалыктары тууралуу Т.Чоротегиндин сөзү. КУУ. 17.4.2024.

Бул зор мүмкүнчүлүк үчүн адабий кечени жана илимий баарлашууну уюштурган топко, асыресе КУУнун ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Төлөбек Абдрахмановго алкыш айтууну өз парызым эсептейм.

Ал эми ушул тапта 87 жаштын чайын ичип жаткан кадырман Кеңеш Жусупов агама чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыбаттык, мындан аркы албан чыгармачыл ийгиликтерди жана урпактарынын, уулунун жана небере-чөбөрө-кыбыраларынын жакшылыктарын гана көрүшүн тилейм.

Кеңеш Жусупов менен Салижан Жигитов (оңдо).
Үзөңгүлөштөр Кеңеш Жусупов менен Салижан Жигитов (оңдо). Архив.

Өзүмдүн айылдашым катары Кеңеш агайымды энчилей албайм. Ал эчак жалпы кыргызга таандык жаратман айдыңга айланган.

Агабызды өзүнүн кыйышпас достору, маркумдар Салижан Жигитов, Мурза Гапаров, Эсенбек Медербеков жана башка жазуучулардан тышкары, маркум тарыхчылар Өмүркул Караев, Кушбек Үсөнбаев, Юлий Худяков, Астайбек Бутанаев, Имел Молдобаев, Ташманбет Кененсариев, Токторбек Өмүрбеков жана башка айдыңдар өзгөчө сыйлаар эле.

Азыркы муундагылардан, маселен, бир кездери Кыргызстан-Сорос корунун жетекчиси катары “Кыргыздар” жыйнагын колдоого алган тарыхчы Чынара Жакыпова, этнографтар Абылабек Асанканов, Сулайман Кайыпов, Олжобай Каратаев, Энесай Кыргыз каганатынын тарыхын иликтеп келе жаткан Муратбек Кожобеков, далай архив сырларын ачыктаган Кыяс Молдокасымов, кытай булактарын иликтеген Таалайбек Бейшеналиев, арап арибиндеги кыргыз дипломатиялык эстеликтерин түп нуска каттар аркылуу иликтеген тарыхчы Арслан Карай уулу Койчиев, соңку жаңы тарыхты изилдеген Аалыбек Акунов, Төлөбек Абдрахманов, жана башка нечендеген заманбап тарыхчылар, Мамбеттурду Мамбетакун, Адыл Жуматурду, Токон Исак кызы сыяктуу кытайлык кыргыз фолклор таануучулары Кеңеш агабызды менден кем эмес кадырлашат.

Эми, каалаарым, ылайым агабыз кашыктап топтогон жана миңдеген жылдарды тепчиген бай айдыңдык казына жакынкы болочокто интернет жана санарип доорунда дүйнөдөгү жалпы кыргыз тилдүү көп этностуу окурмандарга бекер, ачык жана жеткиликтүү сунушталса экен.

Ошондо бүт дүйнөдөгү кыргыздар жана кыргыз таануучулар мээнеткеч Кеңеш агабыздын жана анын үзөңгүлөшү болгон Каныбек инимдин керемет казынасынан өз алдынча таалим алышмак.

Мына, бабабыз Махмуд Кашгари Барскани калтырган мурастын сакталып жеткен жападан-жалгыз көчүрмөсү азыр Стамбул шаарындагы “Миллет” китепканасында көз карегиндей бапестелип сакталууда.

Бирок Түркиянын Маданият министрдиги 1990-жылдан бери улам жарыялап келе жаткан бул кол жазманын түстүү фото факсимиле көчүрмөсү дүйнөлүк кашгари таануучуларга XI кылымда жазылган бул таберик чыгарманы Стамбулга келбей туруп эле изилдөөгө жол ачып койду.

Кеңеш агабыздын жана Каныбек инибиздин “Кыргыздар” көп томдугун санарипке салып, интернет аркылуу жалпыга жарыялоого Кыргызстандын бийликтери да астейдил көмөк кылат ко деп үмүттөнөбүз.

Ал эми Кеңеш агабыздан жүз он жашында дагы далай жаңы саамалыктарды күтө беребиз жана ар дайым аны туу тутуп, ага карап түздөнөбүз.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG