Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 02:48

Муса Мураталиев 70 жашта


Муса Мураталиев чыгармалары Ч.Айтматовдон кийинки эле чет тилдерге көп которулган кыргыз жазуучу.

Москвалык жазуучунун көп кырдуу чыгармачылыгы тууралуу адабиятчы, Бишкектеги Чүй университетинин профессору Бекташ Шамшиев "Азаттыкка" буларды айтты:

- Кыргыз коому Муса Мураталиевге чыныгы талант катары мамиле жасашы керек эле. Анын чыгармачылыгы кыргыздарга албетте, таанымал. Ал Мырза Гапаров, Асанбек Стамов, Мелис Абакиров, Кеңеш Жусупов өңдөнгөн таланттардын катарында турган чоң жазуучу.

Ондогон повест, аңгемелерин көптөгөн тилдерге которулган жазуучунун соңку “Бурхан жана Мария” деген эки романы кирген китеби Москвада 2011-жылы орус тилинде жарык көрдү. Чыгарма бөтөн жерди байырлаган кыргыз мигранттын жашоосу менен жалгыздыгы, орус улутчулдугу, кыргыз тарыхы жана "Манас" эпосу, жоголуп кеткен уруулары өңдөнгөн ар түркүн маселелерге арналат.

Муса Мураталиевдин мааракеси Кыргызстанда белгиленеби-жокпу: азырынча беймаалым.

Бекташ Шамшиев менен маекти бул жерден толугу менен угуңуз:


please wait

No media source currently available

0:00 0:21:30 0:00
Түз линк

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG