Сумы облусунда орусиялык дрондордун соккусунан эки киши каза тапканын жергиликтүү администрация билдирди. Бир дүрмөт жүк ташыган машинага тийгенде айдоочусу мүрт кетти. Маалыматка караганда, ал буудай жүктөгөнгө келген.
Экинчиси мотоцикл минип бараткан 48 жаштагы жергиликтүү тургунга кишини бутага алган.
Сумы шаарынын борборуна урулган соккудан үч киши жабыркаганын, бир нече автоунаа зыян тартканын, айланадагы имараттардын терезелери күбүлүп түшкөнүн калаа башчысы Сергей Кривошеев маалымдады.
Харьков облусундагы Немышлянск районундагы жарандык завод чабуулга туш болгондо үч киши жарадар болду. Бул тууралуу аймактын губернатору Олег Синегубов жазды. Ага чейин 34 жаштагы киши жабыркаганы кабарланган.
Днепропетровск облусунда эки киши набыт болду, жетөө, арасында үч бала жабыркады, - деп кабарлады облус администарцииясынын башчысы Александр Ганжа.
“Мектеп имараты зыян тартты, 10 жер там урап калды, куткаруучулар урандылардын астынан эки кишинин сөөктөрүн алып чыкты”, - деп жазды жетекчи телеграм-каналына.
Запорожьеде да орусиялык аскерлердин соккусунан бир аял өмүр менен кош айтышканы маалымдалды.
Чабуулга баш калаа Киев да туш болду. Маалыматка ылайык, атып түшүрүлгөн дрондордун сыныктары шаардын борборуна кулаган.
Украинанын Аба күчтөрүнүн өкүлү Юрий Игнат эртең мененки чабуулду "мурда болбогондой" деп сыпаттады. Анын айтымында, Орусия пилотсуз учактарды модернизациялап, жабдууларды аныктоого кыйын кылып жатат.
Орусиянын армиясы бул соккуларды комментарийлеген жок.
Шерине