Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Кениянын жарандарын Украинага каршы согушка тартпоо макулдашылды

Украинага каршы согушка азгырылган Кения жарандарынын жакындары пресс-конференция өткөрүштү. 13-февраль 2026-жыл
Украинага каршы согушка азгырылган Кения жарандарынын жакындары пресс-конференция өткөрүштү. 13-февраль 2026-жыл

Кениянын бийлиги өз жарандарын Украинага каршы согушка жалдап жөнөтпөө туралуу Москва менен макулдашылганын билдирди. Рейтер агенттиги тараткан маалыматка ылайык, Кениянын тышкы иштер министри Мусалия Мудавади маселени орусиялык министр Сергей Лавров менен талкуулады.

Мудавади орус армиясында жүргөн кениялыктарга консулдук жардам берилерин кошумчалады. Лавров менен жолугушуу алдында ал өкмөт согушка азгырылган жарандардын үй-бүлөлөрүнүн кысымына туш болгонун айткан. Кийин министр Орусия менен мамиле кеңири экенин айтып, "жалаң эле атайын операция маселеси менен аныкталбоого тийиш” деп белгиледи.

Лавров Кениянын жарандары орус тарапта ыктыярдуу согушуп жатканына, өлкөнүн Коргоо министрлиги менен келишимге өздөрү кол койгонун айтты.

Быйыл февралда Африкадагы мамлекеттин парламентинде чалгын кызматынын отчету сунуш кылынган. Андагы маалыматка караганда, Орусия согушка бир миңден көп кениялыкты жалдаган. Марттын башында ал өлкөнүн жарандары дайынсыз болгон жакындарын табууну талап кылып митингге чыгышкан.

Бир катар эл аралык медиа Орусия 2024-2025-жылдары дүйнөнүн чар тарабынан жаштарды урушка жалдаганы тууралуу иликтөө чыгарышкан.

Маалыматтарга караганда, чет өлкөлүктөргө билим алуу жана жумуш убада кылынганы менен аларды кийин кан майданга жөнөтүшкөн. Кыздарды дрон чогултуу иштерине тартышкан.

Өткөн аптада Европарламент Орусия Африка, Азия жана Латын Америка өлкөлөрүнүн жарандарын Украинага каршы согушка жалдоо менен адам аткезчилигине барган деп айыптады жана ошол схемага тиешеси бар адамдарга санкция салган резолюцияны колдоду.

Орусия Украинадагы согушка кыргызстандык жарандарды да алдап азгырганы же мажбурлап майданга жөнөткөнү тууралуу маалыматтар бар.


Шерине

XS
SM
MD
LG