Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) акыйкатчынын №27 түзөтүү мекемеси боюнча тараткан маалыматында айтылган сынга жооп берди.
Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө №27 колонияда жалпысынан 1101 соттолгон адам бар экени, мекеменин жалпы аянты 7,27 гектар, лимитке ылайык, сыйымдуулугу 1200 орунду түзөрү белгиленген.
Абактын аймагында жазасын өтөп жаткандар үчүн 980 орундуу үч жатакана жайгашканы айтылган. Анда экстремизм жана терроризм боюнча айыпталгандарды обочо кармоо үчүн өзүнчө имарат, мурдагы укук коргоо кызматкерлери үчүн өзүнчө обочолонгон имарат жана чарбалык жакта иштеген соттолгондор жайгашкан 100 орундуу жатакана бардыгы белгиленген.
Ошондой эле социалдык реабилитациялоо жана көнүктүрүү программаларынын катышуучулары үчүн "Ак ниет" реабилитациялык борбору өзүнчө имаратта жайгашканы айтылган.
"Жазык-аткаруу кодексинин 99-беренесине ылайык, бир соттолгон адамга кеминде 2 чарчы метр турак жай аянты каралууга тийиш. №27 мекемеде соттолгондордун жайгашуусу аталган талаптарга ылайык камсыздалган жана ар бир соттолгонго тиешелүү чарчы метр өлчөмү сакталууда. Ал эми камералык типтеги жайларда (анын ичинде диний экстремизм жана терроризм үчүн соттолгондор кармалуучу аймакта) мыйзамда белгиленген 2,5 чарчы метр норма толук сакталат" деп билдирди ЖАМК.
Маалыматта ошондой эле аталган абакта кармалып тургандар төшөнчү-орун менен толук жабдылганы, үч маал ысык тамак берилери да айтылган.
ЖАМК акыйкатчы институтунун жаза өтөө мекемеси "ашыкча толуп кеткен жана турак жай аянты жетишсиз" деген маалыматы чындыкка дал келбесин белгилеп, мындан тышкары камактагылардын укуктары корголуп жатканын да кошумчалаган.
Акыйкатчы институту 17-мартта маалымат таратып №27 колонияда 1102 жаран жаза мөөнөтүн өтөп жатканын, жабык жай ашыкча толуп, ар бир адамга берилген аянт нормасы сакталбаганын билдирген.
2025-жылы Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор жоюлуп, анын функциялары акыйкатчы институтунун курамына киргизилген. Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары бул чечимге тынчсыздануусун билдиришкен. Кыргызстанда кыйноо фактыларын азайтуу үчүн жабык мекемелерди туруктуу текшерүүгө ала турган бул улуттук борбор 2013-жылы түзүлгөн болчу. (ZКo)
Шерине