Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:14

Украинанын Одесса облусуна жасалган соккудан дан жүктөлгөн кемелер жабыркады

Орус армиясынын аткылоосуна кабылган кеме. Архивдеги сүрөт.
Орус армиясынын аткылоосуна кабылган кеме. Архивдеги сүрөт.

Украинанын Одесса облусуна коюлган орус армиясынын түнкү чабуулунун натыйжасында дан жүктөлгөн эки жүк ташуучу кеме жабыркады.

20-мартка караган түнү орус аскерлери дрондор менен Одесса облусундагы портко сокку урган. Натыйжада Палау жана Барбадос желектери астында жүргөн эки жарандык кеме жабыркаганын Украинанын вице-премьер-министри Алексей Кулеба билдирди. Эки адам жаракат алды.

Анын айтымында, сокку болгон учурда дан жүктөлгөн эки кеме тең жээкте турган. Чабуулга карабастан алар сууга чөкпөй, калкып турат.

Кемелерден тышкары административдик имараттар да жабыркап, өрт чыккан. Тилсиз жоо тез арада өчүрүлгөн.

«Бул Орусиянын дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугуна каршы жасалган кезектеги аскердик кылмышы», — деди Кулеба.

Орусия тарапты колдогон айрым Telegram каналдарда сокку Черноморск портуна жасалганы айтылууда.

Украин армиясынын Аба күчтөрү билдиргендей, 20-мартка караган түнү орус күчтөрү өлкө аймагына сокку уруучу 156 дрон учурду.

Орусия бийлиги Украинада бир гана аскердик жайларды бутага аларын билдирип, карапайым тургундар жашаган аймактарга урулган соккуларды мойнуна албайт.


Шерине

XS
SM
MD
LG