АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарды. Ал жума күнү Ак үйдүн жанында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып бул согушта Вашингтон артыкчылык кыларын айтты.
"Мен ок атышууну токтотууну каалабайм. Силер билесиңер да, душманыңды жок кылып жатканда аны менен ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашпайт",-деди Трамп.
Ал ошондой эле Ирандын армиясы, аскердик техникасы жана өлкө лидерлери оор жоготууга учураганын айтты.
Мунун алдында айрым америкалык басылмалар АКШ Жакынкы Чыгышка кошумча күч жөнөтүп жатканын, бул, өз кезегинде, жөө аскерлер катыша турган согушка даярдык болушу мүмкүндүгүн жазышкан. Трамп мындай вариантты жокко чыгарган.
Иран ушул тушта Ормуз кысыгын дээрлик бөгөттөп койду жана бул, өз кезегинде, нефтинин дүйнөлүк баасынын көтөрүлүшүнө алып келди. Ушул тушта Перс булуңунда бир топ соода кемеси токтоп турат.
28-февралда Израил менен АКШ Иранга каршы биргелешкен соккуларды баштагандан бери болжол менен 1300 адам мерт болгону кабарланган. Алардын арасында Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи да бар. Натыйжада аймакта кырдаал курчуган.
Иран жооп катары Израилге, Иорданияга, Иракка жана Перс булуңундагы АКШнын аскер объектилери жайгашкан өлкөлөргө дрон жана ракета менен сокку уруп келет.
Шерине