АКШ президенти Дональд Трамп акыркы эки күн ичинде Тегеран менен «абдан жакшы жана жемиштүү» сүйлөшүүлөр өткөнүн айтып, Ирандын энергетикалык инфраструктурасына каршы соккуларды беш күнгө токтотуп турууну тапшырганын билдирди.
«Бул терең, деталдуу жана конструктивдүү сүйлөшүүлөрдүн мазмунуна жана маанайына карап, алар жума бою уланат. Ошондуктан мен АКШнын Коргоо министрлигине Ирандын электр станцияларына жана энергетикалык объектилерине каршы бардык аскердик соккуларды беш күндүк мөөнөткө жылдыруу боюнча көрсөтмө бердим», - деп жазды ал 23-мартта социалдык тармактагы билдирүүсүндө.
Бул билдирүүгө чейин Вашингтон менен Тегерандын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы расмий жарыяланган эмес. Ошол эле учурда Трамп Иранга Ормуз кысыгын ачууга берген мөөнөт дагы аягына чыгып бараткан.
Президент сүйлөшүүлөр тууралуу кошумча маалымат берген жок.
Трамп Иранга 23-мартта Вашингтон убактысы боюнча саат 19:44кө чейин бул стратегиялык кысыкты «толук ачуу» талабын койгон. Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөдөгү мунай жана газдын болжол менен 20% ташылат. АКШ президенти эгер талап аткарылбаса, Ирандын электр станциялары толугу менен жок кылынарын эскерткен.
Бул билдирүү Трамп бир күн мурда АКШнын негизги максаттары аткарылды деп, аскердик операцияларды «акырындап токтотууну» карап жатканын айтканынан кийин жасалды.
Ошол эле учурда АКШнын Коргоо министрлиги аймакка миңдеген кошумча кургактагы аскерлерди жөнөтүп жатканы кабарланууда.
Иран Трамп электр станцияларына сокку урса, жооп кайтарарын билдирди.
Мамлекеттик жергиликтүү маалымат каражаттар Ирандын аскердик жетекчилигине шилтеме берип, эгер өлкөнүн күйүүчү май жана энергетикалык инфраструктурасына сокку жасалса, анда аймактагы АКШга тиешелүү бардык энергетикалык объектилер бутага алынарын жазды.
Шерине