Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

Ирандын аскер-деңиз күчтөрүнүн жетекчиси өлтүрүлгөнү кабарланды

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун деңиз күчтөрүнүн командири Алиреза Тангсири.
Ислам революциясынын сакчылар корпусунун деңиз күчтөрүнүн командири Алиреза Тангсири.

Израилдин коргоо министри Исраэл Кац аба соккудан Ислам революциясынын сакчылар корпусунун деңиз күчтөрүнүн командири Алиреза Тангсири жок кылынгангын билдирди.

«Кечээ түнкү операцияда Израил армиясы революциялык гвардиянын деңиз күчтөрүнүн командири Тангсирини жана бир катар жогорку офицерлерди жок кылды», - деди ал 26-марттагы видео билдирүүсүндө.

Кац Тангсирини Ормуз кысыгын миналап, кемелер үчүн бөгөт коюу операциясына жооптуу адам катары мүнөздөдү.

Иран Тангсиринин өлүмүн ырастай элек жана мамлекеттик маалымат каражаттарында да эч кандай билдирүү чыккан жок.

Айрым израилдик басылмалар Тангсири Бандар-Аббас шаарындагы соккуда өлтүрүлгөнүн жазышууда. Бул шаар Перс булуңунун жээгиндеги Ормузган провинциясында жайгашкан.

28-февралда АКШ менен Израилдин биргелешкен чабуулдары башталгандан бери Ирандын бир катар лидерлери өлтүрүлдү. Алардын арасында жогорку руханий лидер Али Хаменеи, коопсуздук тармагын жетектеген Али Ларижани да бар.

Буга жооп катары Тегеран Перс булуңундагы америкалык базалар жайгашкан мамлекеттерге абадан чабуул коюп жатат.

Төрт жумага аяк баскан согушта Иранда 1400дөй адамдын өмүрү кыйылганын укук коргоочулар билдирип жатышат. Так санды эч бир тараптан ырастоо азырынча мүмкүн эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG