Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:13

1-апрелден тартып айрым бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысы жогорулайт

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык (“Бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө”), айрым бюджеттик кызматкерлердин айлыгы 1-апрелден жана 1-сентябрдан тартып эки этап менен жогорулайт.

Президенттин расмий сайтындагы маалыматка караганда, 1-апрелден тартып техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, эмгек акы төлөө шарттары Министрлер кабинетинин тиешелүү чечимдери менен жөнгө салынуучу билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, маалымат жана спорт, социалдык коргоо чөйрөсүнүн кызматкерлеринин айлыгы көбөйөт. Маалыматта ал теңдештирүү, тегеректөө жана 1 ставкага 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөмдү белгилөө менен көбөйтүлүп жатканы белгиленген.

Бюджеттик мекемелердин техникалык жана кенже тейлөөчү персоналы, укук коргоо органдарынын, Куралдуу күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн жалданма жана жарандык персоналы үчүн 1 ставкага 5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация төлөнөт.

Ал эми 1-сентябрдан тартып мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн айрым кызматкерлери үчүн үстөктүн өлчөмү 50% чейин көбөйтүлөт. Бул кошумча каражат иштин татаалдыгы жана сапаты үчүн, кесиптик демилге көрсөткөндүгү үчүн, ченемге салынбаган (графиктен тышкары) иш күнү үчүн берилет.

Ошондой эле мамлекеттик органдардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм киргизилет.

Ал эми компенсация төмөнкү мекемелердин кызматкерлерине тийиштүү эмес:

  • Укук коргоо органдары, Куралдуу күчтөр жана башка аскердик түзүмдөр;
  • Пробация департаменти жана Юридикалык жардам кызматы;
  • Гидрометеорология кызматы жана Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору;
  • Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы жана өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти,
  • "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси;
  • Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү, президенттин Иш башкармалыгы жана атайын статусу бар мамлекеттик органдардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү;
  • Жергиликтүү соттордун судьялары;
  • Салык кызматы, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги.


Буга чейин дарыгерлердин айлык акысы 1-апрелден тартып 100% көтөрүлөрү айтылган. Саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев 13-мартта парламентте “Ишеним” жана “Ала Тоо” депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында алыскы аймактарда иштеген дарыгерлердин депозити 33 миң сомдон 66 миң сомго көбөйөрүн айткан.

Улуттук статистика комитетинин эсебинде 2025-жылы Кыргызстанда орточо айлык акы 42 019 сом болду.

Кыргызстанда орточо айлыктын көрсөткүчү боюнча коомчулукта ар кандай талаш-тартыш болуп келет. Айрымдар орточо эмгек маяна 40 миң сомго жетпей турганын айтышат. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG