Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (IRGC ) чалгын кызматы согуш башталгандан бери 103 киши “душман менен кызматташууга” айыпталып камакка алынганын билдирди.
26-мартта жарык көргөн билдирүүдө АКШ террордук уюм деп тааныган корпус 13 киши “саботаж кылууну, көчөлөрдө кооптуу кырдаал жаратууну жана текшерүү пункттарына кол салууну пландаганы”, дагы 90 киши Ислам жумуриятына каршы болгон медиага сүрөттөрдү салганы үчүн кармалганы айтылат.
Чалгынчылар кошумчалагандай, 16 киши Starlink интернет-жабдыгын колдонгону, 400ү интернеттеги “фильтрлерди кыйгап өтүү инструменттерин сатканы” үчүн сот жообуна тартылмакчы. Билдирүүдө алар “киберкоопсуздук жабдууларынын сатуучулары”, мыйзамсыз ишмердикке көмөктөшөн адамдар деп мүнөздөлгөн.
АКШ менен Израил Иранга каршы чабуул баштаган 28-февралдан бери ал өлкөнүн коопсуздук кызматы, сот системасы жана күч түзүмдөрү ушундай эле айып менен көптөгөн киши кармалганын билдирип келатышат.
Алсак, 24-мартта Улуттук коопсуздук күчтөрүнүн командачылыгы өлкө коопсуздугуна шек жараткан “онлайн ишмердик” үчүн 446 жаран камалганын билдирген. Бийлик ал адамдар “душмандардын” түйүндөрү менен байланышып, Иранда бейстабилдүүлүк орнотууну көздөшкөн деп эсептейт.
Мамлекеттик маалымат каражаттары ушундай эле күнөө бир миң кишиге тагылганын жазышкан.
Интернет өчүрүлгөнү Иранда маалымат алуунун булагына жалаң мамлекеттик каражаттар айланган. Алар тараткан кабарларды көз карандысыз тараптардан бышыктоо же төгүндөө мүмкүн эмес.
Шерине