Жекшембиде Украинанын Донецк облусундагы Краматорск шаарына Орусиянын чабуулунда үч киши каза тапты. Бул тууралуу украин Башкы прокуратурасы кабарлап, каза тапкандардын бири 13 жаштагы бала экенин кошумчалады.
19 жаштан 84 жашка чейинки алты киши жараат алды. Кийинчерээк жаракат алгандар 14кө жеткени кабарланды.
Ушул эле күнү орус армиясы коңшу Славянск шаарындагы мейманканага сокку уруп, өрт чыккан. Бири киши жараат алганы айтылган.
Николаев облусундагы ооруканада Орусиянын ишембидеги чабуулдарынан жаракат алган 13 жашар секелек каза болду. Ал соккуда он киши жабыр тарткан.
29-мартта Запорожье облусундагы чабуулда бир киши каза тапканы, жараат алгандар бар экени кабарланды.
Краматорск салгылашуулар жүрүп жаткан аймактарга жакын жайгашкан. Орусиянын аскерлери миңдеген жашоочулар калган шаарды байма-бай аткылап турат.
Шерине