Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:36

Зеленский Киев Пасхада ок атууну токтотууга даяр деп билдирди

Архив
Архив

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия ушундай эле кадамга барса, Киев Пасхада ок атууну токтотууга даяр деп билдирди.

«Биз Пасха майрамы учурунда ок атпоого даярбыз. Менимче, чынын айтсам, адам өмүрүн урматтаган адамдар ок атууну бир нече күнгө эмес түбөлүккө токтотууну сөз кылышат. Бирок биз ар-намысыбыз жана суверенитетибизден тышкары ар кандай компромисске даярбыз», - деп айтты Зеленский Жакынкы Чыгыштагы сапарынын жыйынтыгын чыгарып жатып.

Украин лидери дүйнөлүк энергетикалык кризистин фонунда өнөктөштөрдөн Орусиянын мунай инфраструктурасына сокку урууну токтотуу өтүнүчтөрү түшүп жатканын айтты. Зеленский орус тарап энергетикалык жайларды аткылабаса, Украина жооп иретиндеги чабуулдарга чекит коерун белгиледи.

Ал кеп кайсы өнөктөштөр тууралуу жүргөнүн тактаган жок.

Украин мамлекет башчысы ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөр менен «тарыхый келишимдерге» жетишилгенин билдирди. Анын айтымында, Киев Перс булуңундагы мамлекеттердин энергетикалык колдоосу тууралуу макулдашты.

Зеленский Украинанын Кара деңиз коридорун миналардан тазалоо тажрыйбасы Ормуз кысыгындагы коопсуздукту камсыздоодо пайдалуу болорун, бул маселе да талкууланганын кошумчалады.

Орусия менен сүйлөшүүлөр жөнүндөгү суроого жооп бергенде украин лидери Вашингтон Иранга көп көңүл буруп жаткандыктан үч тараптуу жолугушуулар улам жылдырылганын айтты. Андан тышкары, Зеленский белгилегендей, Москва сүйлөшүүлөрдү АКШда өткөрүү планын четке кагып, Түркия же Швейцарияны сунуш кылды.

Ак үй Украинадагы согушту жөнгө салууга аракеттенип, АКШ, Украина жана Орусия ортосунда үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасы өткөн.

Быйыл католиктер Пасханы 5-апрелде, православ чиркөөсү 12-апрелде белгилешүүдө.


Шерине

XS
SM
MD
LG