Бишкекте 28-март күнү кечки саат 20:00 чамасында милицияга кайрылуу түшүп, Ак-Ордо конушунда белгисиз эркек киши балдарга ичине ийне салынган конфет таратып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) басма сөз кызматы кабарлагандай, конуштун тургуну милицияга белгисиз адам 11 жаштагы кызына жана башка балдарга ичине ийненин сыныгы салынган конфет таратканын айтып берген.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Балдарга кооптуу конфет таратууга шектелип, Н. Д. аттуу адам кармалган. Милиция анын жашаган жерин тинтүү учурунда конфет жана башка далил заттар табылганын кабарлады.
Жогорку Кеңештин 1-апрель күнкү отурумунда бул окуяга байланыштуу тынчсыздануусун билдирген депутат Элвира Сурабалдиева кармалган шектүү психикалык жактан жабыркашы ыктымалдыгын айтып, мындай адамдардын маселеси коомдо көйгөй болуп жатканын белгиледи. Депутат психоневрологиялык жана менталдык оорукчан адамдарды караган органдардын ишин сынга алды.
"Бул окуя саламаттык сактоо системасында начар жүргөн реформалардын натыйжасы", - деди Сурабалдиева.
Психоневрологиялык оорусу бар балдар жана чоңдор Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу стационардык интернаттарда жашай турганы кабарланган.(ZKo)
Шерине