31-мартта Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чыңгыз Айдарбеков Ички иштер министрлигинде сурак берди. Бул тууралуу бир катар маалымат каражаттары жазып чыкты. Айдарбеков кайсы иш боюнча жана кандай макамда суралганы азырынча белгисиз.
Азырынча Айдарбеков дагы, ИИМ дагы маалымат бере элек.
Мурдагы тышкы иштер министри Айдарбеков былтыр 30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Бишкектин 21-округунан депутаттыкка ат салышкан. Шайлоодо ал 5000ден ашык добуш алып, экинчи орунду ээлеген.
10-мартта экс-депутат Куванычбек Конгантиев мандаттан ажыраган соң депутат болуу кезеги Айдарбековго келген. Бирок мандат берүү кечеңдеп, БШК Айдарбековго байланыштуу Ички иштер министрлигинен тиешелүү маалымат күтүп жатканы менен түшүндүрдү. Ал тапта социалдык тармактарга Айдарбековдун мыйзамсыз иштерге айыптаган анонимдүү тасмалар таратылган. Эки күн мурун Чыңгыз Айдарбеков бул дооматтарды четке кагып, БШК мандатты ага ыйгарышы керектигин билдирген.
Шерине