Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

"Саясий иш үчүн ким жооп берет?" Кемпирабадчыларды түйшөлткөн суроо

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын бир бөлүгү жана алардын адвокаттары. Бишкек шаардык соту. 23-август, 2024-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын бир бөлүгү жана алардын адвокаттары. Бишкек шаардык соту. 23-август, 2024-жыл.

Бишкек шаардык соту да райондук соттун өкүмүн колдоп, Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандарды актагандан кийин алардын айрымдары 3,5 жылга созулган “саясий иш үчүн ким жооп берет” деген суроо салууда.

27-мартта шаардык сот бул иш боюнча айыпталгандарды актаган райондук соттун өкүмүн күчүндө калтыруучу чечимин чыгарды. Ошентип, жалпысынан 21 киши экинчи соттук инстанцияда да акталды. Арасында таанымал саясатчылар, журналисттер, активисттер баары тең 3,5 жылдан бери тергөөдө да, соттук териштирүүдө да күнөөсү жок экенин айтып келишти. Бир нече жылдан бери ушул иш менен жүрүп, айрымдары анын көбүн камакта өткөрүштү. Моралдык, материалдык чыгым тартышты, ден соолугу начарлады.

“Кемпир-Абад иши” деп аталып калган сот жараяны Кыргызстандын соңку тарыхындагы чуулгандуу саясий жараяндардын бири болуп калды.

Эми алар негизсиз иш козгоп, калпыстык кетирди деген жетекчилердин жоопкерчилигин кароо үчүн арыз жазуу тууралуу сүйлөшүп жатканын билдиришти. Мындан ары дагы адам укугунун, конституциялык укуктардын бузулушуна жол бербөө зарыл экенин белгилеп, кийинкилерге сабак болсун үчүн ушул кадамга барыш керек деп эсептей турганын айтышты.

Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналып 2022-жылы октябрда кармалгандардын эң азы жарым жыл, көбү дээрлик 2 жыл абакта отурду.

Бишкектин Биринчи май райондук соту өкүмүн 2024-жылдын 14-июнунда жарыялаган. Анда айыпталган жалпы 27 кишинин 22сине актоо өкүмү чыккан.

Алар: Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Шаменов, Тимур Махмудов, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Нурлан Асанбеков, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев жана Мамбетжунус Абылов.

Булардан Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматов, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Шаменов, Тимур Махмудов 1 жыл сегиз ай дегенде райондук соттун өкүмүнөн соң сот залынан бошотулган.

Калган айыпталуучулар буга чейин ар кандай жагдайда, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан болчу.

Шаардык соттун чечимин бийликке оппозицияда болгон саясатчы, активисттер адилеттүү деп атап жатышат. Бирок 3,5 жылга созулган жараяндын өзү алардын ар биринин жеке жашоосуна, тагдырына, үй-бүлөсүнө таасирин тийгизип, айрымдарынын ден соолугуна олуттуу зыян келтирди.

Журналист Айданбек Акмат уулу бул "саясий" иш болгонун, алардын конституциялык укуктары бузулганын белгилеп жатат. Ал бул ишти козгоого катыштыгы барлардын жоопкерчилигине байланыштуу арыз жазуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады:

Айданбек Акмат уулу.
Айданбек Акмат уулу.

"Албетте, биздин ортобузда сүйлөшүүлөр бар. Ушул маселе боюнча негизсиз айып коюп, бул саясий ишти кылмыш ишине айлантабыз деген, козуткан, демилге көтөргөн адамдар бар. Биз аларды билебиз. Аларды сотко беребиз деп өз ара сүйлөшүүлөр бар. Алардын арасында ошол кездеги башкы прокурор Курманкул Зулушев, "буларды отургуздум" деп мактанган УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, юридикалык жактан чечим кабыл алууга укугу бар болуп туруп, кылмыш жоктугуна карабай кылмыш ишин коргогон, сотторду жабык өткөрүүгө негиз берген ИИМде Жапеков деген тергөөчү бар. Бул кишилер жооп бериши керек. Сотко берип, негизсиз, күнөөсү жок жерден бизге окшоп жабыркабасын, башка мамлекеттик органдарга дагы сабак болсун деген максатыбыз бар. Биринчиден, бул саясий иш болгон. Кемпир-Абад берилбесин деген пикирибиз үчүн ушундай калпыстыкка, адам укуктарын, конституциялык укуктарыбыздын бузулушуна жол берилген. Алгач райондук сот, андан кийин шаардык сот күчүндө калтырды. Биз муну адилеттүүлүктүн орношу деп эсептейбиз".

Бул иш Бишкек шаардык сотунда эле 1 жыл 8 ай каралды. Жоон топ саясатчы, активисттер жумасына үч күн жумушка баргандай каттап турушту.

Укук коргоочу Рита Карасартова өздөрү сыяктуу бейкүнөө камалып, кийин акталып чыккан учурлар көп экенин белгилөөдө. Ал да туура эмес камагандар "жооп бериши керек" деп эсептейт:

Рита Карасартова
Рита Карасартова

"Жарандык негизде арыз тапшырабыз деп ойлойм. Эмнеге дегенде биздейлер абдан көп, бирок Кыргызстан алар тууралуу такыр билишпейт. Экспертизанын же тергөөнүн кандайдыр бир аракетинен улам эркиндигинен ажырап отурушат. Мамлекет моралдык, материалдык чыгым үчүн көп деле акча төлөбөйт. Ошентсе дагы биз активисттер, саясатчы, укук коргоочулар эгер бизди туура эмес камаса, актоо өкүмү менен эле токтоп калбай моралдык, материалдык чыгымды төлөтүү куралы бар экенин, аны колдонсо болорун көрсөтүшүбүз керек. Мисалы, менин убактылуу абакта отурганда азуу тиштерим бүт түшүп калган. Эми аны калыбына келтириш үчүн канчалаган каражат кетет? Кичине бөлмөдө баспай отурган үчүн кээ бирөөлөрдүн тизеси, бели ооруп, бөйрөк, нерв оорулары өрчүйт, кээ бири жакындарын жоготту. Ден соолугун калыбына келтирүү керек, бирок мамлекеттин кенемтеси аны эч качан жаба албайт. Биз өзүбүздүн аракетибиз менен укуктук билим беришибиз керек".

Райондук сотто алгачкы актоо өкүмү чыккандын эртеси, 2024-жылдын 15-июнунда президент Садыр Жапаров комментарий берип, “эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация” деген.

Азырынча прокуратура шаардык соттун чечимине каршы Жогорку сотко даттанабы, жокпу, айтыла элек. Ошондон улам дагы "кемпирабадчылардын" ичинде арыз жазуу, жазбоо боюнча пикир бирдей эмес.

Экинчиден, үй-бүлөсү, балдары азап тарткандар кайрадан соттон сотко сүйрөлүп жүргүсү келбейт. Айыпталгандардын арасында бийлик менен кызматташып жаткандары дагы бар.

Абакта 11 айга чукул отурган журналист Эрлан Бекчоро уулу темир тор артындагы алгачкы күндөрүн мындайча эскерди:

Эрлан Бекчоро уулу.
Эрлан Бекчоро уулу.

"Түрмө ден соолукту дагы, психологияны дагы оңдобойт. Түрмө адамды жеп коёт экен. Мен кармалган учурда кичүү балам 11 айлык эле. Мен 11 ай отуруп чыккандан кийин балам экөөбүз кайра тааныштык. Бир айдай дүкөндөн ар нерсе алып берип балама жакындадым, көндүрдүм. Башында атасы катары эмес, чоочун кишидей эле кабыл алды. Мен мекенди коргоп камалганыма өкүнбөйм, мен мекенди коргоочумун, мен коррупционер эмесмин, бирөөдөн акча алып же алдап барган эмесмин. Бирок үй-бүлө маселесинде зыян тартат экенсиң. Балаңдын, кызыңдын кусалыгы... Кызым көкүрөгүмө башын коюп уктачу. Түшүмө кирип, кызымды кучактап жаткандай болчумун. Ойгонсом жуурканды кучактап жаткан болом. Ошондо абдан жаман болуп, кумурскага айланып терезеден чыгып кетким келчү. Психологиялык жактан абдан эле кыйын болду. Бирок ошондой учурда көз карандысыз маалымат каражаттары, ошол эле "Азаттык", "Кактус", "Нехт ТВ" бизге ушундай күч берди. Маалыматтардан биз тууралуу жаңылыктарды укканда ошондон дух алдык".

Ошол эле учурда Эрлан Бекчоро уулу бийлик аларга дале көз салып, ар бир кадамын карап турарын жашырган жок.

"Ачык эле айтыш керек, бийлик биз менен эсептешип, биздин кадамыбызды карап, каратып турат. Булар дагы кайсыл кадамга барат, саясатка аралашабы, жокпу, оозун басып отурабы, үнүн жабабы, жокпу, кимдер менен жолугат деп ар бир кадамыбыз көзөмөлдө. Үй-бүлөбүз запкы жеди, биз ошол запкыны кайра ушул бийликтин тушунда тарткыбыз келбейт да. Укуктук жактан алганда биз кенемте талап кылсак, бийликке кайрылсак, ачык кайрылууларда жасасак болот. Бирок кайрадан камалып кетүүнү эч ким каалабай эле. Саясий иштер саясий диалог менен гана чечилет", - деди Бекчоро уулу.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулардын арасынан Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши ага чейин эле өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун да иши өзүнчө каралып жатканы айтылган.

Дагы бир активист Илгиз Шаменовдун (Илгиз Сарылдык уулунун) иши ал "катуу ооруп жатканына байланыштуу" деген негизде өзүнчө карамай болгон.

Айыпталуучулардын арасынан азыркы тапта саясатчы Равшан Жээнбеков гана камакта, ал Кой-Таш окуясы боюнча өткөн жылдын июнь айында камакка алынган.

“Кемпир-Абад иши” деп аталып калган сот жараяны Кыргызстандын соңку тарыхындагы чуулгандуу саясий процесстердин бири.

Кыргызстан да, Өзбекстан да эгемендик алгандан берки жылдары ортодогу чек ара тилкеси такталып бүтө элек болгондуктан түрдүү окуялар катталып келген.

2021-жылы 24-25-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев Ташкентке барып, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйынына катышып келгенден кийин президент Садыр Жапаровго маалымат берип, анда чек аранын калган тилкелери боюнча бардык маселелер жер тилкелерин айырбаштоо принциби менен каралып чыкканын айткан. Жапаров чек ара боюнча чечимди тарыхый кадам деп баалаган.

Бийликтин Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча билдирүүлөрүнөн кийин 2022-жылы бир катар нааразылык акциялары өткөн. Өзгөндө жергиликтүү активисттер суу сактагычтын жанына боз үй тигип, жыйын, жүрүштөр Бишкекте да уюштурулган. Милиция алардын айрымдарын суракка алган. Москвадагы кыргызстандык мигранттар да бийликтин чечимине каршылык билдиришкен. Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. “Бириккен демократиялык кыймыл” (БДК) оппозициялык уюму нааразылыгын билдирген.

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында 2022-жылдын 15-октябрында бир катар оппозиционер саясатчы катышкан элдик курултай өтүп, резолюция кабыл алынган жана Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөнү маалым болгон. Бир апта соң алгачкылардан болуп саясатчы Азимбек Бекназаров атайын кызматка суракка чакырылган. 23-октябрда бул маселе тууралуу оюн ачык билдирген оппозиция өкүлдөрү, активисттер жапырт суракка чакырылып, үйлөрү тинтилип, камакка алына баштаган.

Кылмыш иши “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен козголуп, 2023-жылдын январында “жашыруун” деген гриф коюлган.

Ишти ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы тергеп, ошол жылдын июнь айында сотко өткөргөн.

This item is part of

Шерине

XS
SM
MD
LG