Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

"Ажиевге берилген ырайымды биз да сураганбыз". Активисттин үй-бүлөсү бийликтен акыйкаттык күтөт

Кыргызстанда соңку жылдары "Массалык башаламандыктар" өңдүү оор беренелер менен соттолуп, камалган журналист, активист жана жарандык коом өкүлдөрүнүн иштерин кайра кароо талабы айтыла баштады. Ушул тапта адилеттик издеген жарандар өздөрү дагы тийиштүү органдарга кайрылып жатышат.

Журналисттер коомчулугу да бийликке расмий кат менен кайрылды. Бийлик укук тартибин коргоо органдарында башталган реформа алкагында жарандык активисттерге, журналисттерге жана бизнес өкүлдөрүнө болгон мамиле кайра каралып чыгарын билдирди.

2023-жылдын ноябрынан бери камакта отурган саясий активист Адилет Балтабайдын жубайы Гүлкайыр Жапарова ар жума сайын абакка барып турат. Адилеттин Чүйдүн Петровка айылындагы түзөтүү мекемесине которулуп барганына бир жыл болду.

Гүлкайыр ага тамак-аш алып келип, айрым учурларда бетме-бет сүйлөшүп, кээде катын алып, үйүнө жөнөйт.

Гүлкайыр Жапарова апта сайын абакта жаткан күйөөсүнө каттап турат
Гүлкайыр Жапарова апта сайын абакта жаткан күйөөсүнө каттап турат

Адилет Балтабайды Сокулук райондук соту 2023-жылдын ноябрында беш жылга эркинен ажыраткан.

"Биздин үй-бүлөнүн турмушу Адилетке байланган. Себеби ал-акыбалын сурап турууга барышыбыз керек. Анан кээде кийим-кече керек деп калат. Азыр болсо Орозо кармап жатат. Ошого ачка болуп калбасын деп күн алыс бышкан тамак, таттуулардан алып келип турам. Петровка айылына чейин 1,5-2 сааттык жол. Ошого бир жумушта иштөө мүмкүн эмес. Иштен жума сайын эле "күйөөмө барат элем" деп сурана албайт экенсиң", - дейт маектешибиз.

Фейсбуктагы сүрөт үчүн камак

Адилет Балтабай алгач 2022-жылы июнь айында кармалып, "Массалык башаламандыктар" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Мунун алдында ал бийликке сын айтылган акция, митингдерге катышып, жеринен социалдык түйүндөрдө түз эфирге чыгып жүргөн. Жарым жылдай камакта отурган активистти Биринчи Май райондук соту күнөөлүү деп таап, пробациялык көзөмөл өкүмү менен сот залынан бошоткон.

Бирок 2023-жылы Кемпир-Абад иши менен камалгандарды колдоп, акцияга барганы пробациянын эрежелерин бузуу катары эсептелип, ал кайра камалган:

Гүлкайыр Жапарова
Гүлкайыр Жапарова

"Адилет ошол жылдары Кыргызстанда казино ачууга уруксат берүү мыйзам долбооруна каршы пикирин ачык билдирип жүргөн. Анын пикирин көргөн ондогон жарандар ага байланыша баштады. Алар "уулум казинодо ойноп жүрүп үйүнөн, бардык мүлкүнөн ажырап калды, ажырашты" деп калышчу. Аны көргөн Адилет тынч тура алган жок окшойт. Андан кийин, экинчи камаларында кримчөйрөдө аты белгилүү болгон Камчы Көлбаевдин өлтүрүлүшү тууралуу пикирин соцтармактарда айтып жүргөн. Анан Бишкек баатырдын эстелигинин маңдайына туруп сүрөткө түшүп, "Бүгүнтөн баштап Бишкек баатыр жигиттеринин катарын толуктайм" деп жазып, Фейсбукка чыгарып койгон. Аны соттук-лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн эксперттер "бул түпкүлүгүндө азыркы бийликти чаап алууну көздөгөн" деп бүтүм чыгарып, Адилет кайра камалды. Бирок бул такыр андай эмес да. Массалык башаламандыктарга чакырык деп эле соттоп салды. Бул берене менен камакта жаткандарга ырайым да жок экен".

"Ажиевге берилген ырайымды биз Адилетке да сураганбыз"

Кийин Жогорку Сот Адилет Балтабайдын арызын карап, үч жылдык пробациялык жазаны күчүндө калтырган. Ошол эле жылы Пробация департаменти "эрежени бузду" деген негизде сотко кайрылып, мурдагы чечимди жокко чыгарууну суранган.

Адвокаты Эрлан Казаковдун айтымында, Адилет Балтабай ал кезде Бишкектин курамына кире элек Сокулуктан Бишкекке келгени үчүн “эреже бузду” деп табылган. Сокулук райондук соту пробациялык көзөмөлдү жокко чыгарып, Балтабай кайра камалган. Азыр аны үйдө ата-энеси, жубайы төрт баласы менен күтүп жатат.

"Адилет үйдүн жалгыз уулу да. Ал камалганда кайнатам көтөрө албай инсульт болуп калды. Кайненемдин болсо кан басымы улам жогорулап кетип атат, дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө жүрүп калды. Алар азыр Жалал-Абадда жашагандыктан кээде түндө чалып, "Адилеттен кабар барбы?" деп калышат, санаа деген жаман тура. Уулубуз болсо "Атам чындыкты айтам деп камалды" деп айтат. Адилет "мен боштондукка чыгып калсам акырын эле такси менен үйгө келип калам" деп калат. Ошого улам терезеден көчөнү карап, илгери үмүт менен күтөм. Бийлик башындагылар ишин кайра карап, эркиндикке чыгарып берсе болот эле, себеби ал бейкүнөө камакта отурат", - дейт активисттин жубайы.

Коомчулукка саясий активист катары белгилүү Адилет Балтабай камалганга чейин Next ТВ телеканалында үч жыл иштеген. Юриспруденция жаатында сабак да өтүп жүргөн.

Апасы былтыр апрелде жалгыз уулу үчүн ырайым сурап өлкө башчысына кайрылган, бирок президенттик администрациядан ырайым берилбей турганы тууралуу жооп кат алган.

Бул тууралуу президенттик администрациядан же Жаза аткаруу кызматынан азырынча расмий комментарий, маалымат бериле элек.

"Ишим кайра каралып, акталсам дейм..."

5-мартта Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев да бийлик башчыларына кайрылып, адилеттик издеп жатканы белгилүү болду.

Карабаев 2024-жылы камалып, ага “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренелери менен айып коюлган. Төрт ай камакта жатып, кийин пробация менен бошотулган адис бул ишти саясий куугунтук деп эсептейт.

Жоомарт Карабаев
Жоомарт Карабаев

“Ишкерлердин гана укуктары корголбостон, куугунтуктоого кабылган бардык жарандарыбыздын бузулган укуктары корголот, калыбына келтирилет деген үмүттөмүн. Себеби соттук-лингвистикалык экспертиза жүргүзгөндөр аны толук аткарган эмес”, - деди Карабаев.

Ал өзүнө козголгон ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин учурунда башталган куугунтук деп мүнөздөп, ишти кайрадан карап чыгууну өтүндү. Мындан тышкары иштин алкагында жасалган экспертизаларды жүргүзгөн топтун ишмердигин токтотуу жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу өтүнүчүн да жазды.

Карабаев Улуттук илимдер академиясында айрым кылмыш иштери боюнча илимий экспертиза жүргүзгөн кызматкерлердин бири болчу. Өзү “УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамсыз ишин ачыктаганым үчүн куугунтукка кабылдым” деп билдирген. Атайын кызмат буга байланыштуу комментарий берген эмес.

Бул күндөрү Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Негизсиз кармоо маселелери боюнча жумуш тобу Кемпир-Абад иши боюнча кыргызстандык саясатчылар жана укук коргоочулар – Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Гүлнара Журабаева, Асия Сасыкбаева жана Перизат Суранованын кармалышын негизсиз деп таап, адам укуктарын коргоонун эл аралык ченемдери бузулган деген бүтүм чыгарганы белгилүү болду. Бул тууралуу Freedom for Eurasia укук коргоо уюму маалымат таратып, жумуш тобунун тыянагын кубаттады.

"Журналисттерге, ишкерлерге болгон мамиле кайра каралат"

5-мартта президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов укук коргоо органдарында башталган реформа алкагында жарандык активисттерге, журналисттерге жана бизнес өкүлдөрүнө болгон мамиле кайра каралып чыгарын билдирди.

Аскат Алагозов
Аскат Алагозов

"Укук коргоо органдарына мүмкүн болгон жана мыйзамга каршы келбеген учурларда камакка алуу менен байланышпаган чараларды көрүп, профилактикалык иштерди жүргүзүү сунушталат. Ошол эле учурда бул бардык нерсеге жол берилет, каалаганын кыла берсе болот дегенди билдирбейт, ар бир чечим конкреттүү жагдайларга жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык кабыл алынат", - деди Алагөзов.

Жакында эле бир катар медиа уюмдар, журналисттер бийликке кайрылып, акыркы жылдары журналисттерге, жарандык коом өкүлдөрүнө жана активисттерге “Массалык башаламандыктар” жана башка беренелер боюнча козголгон иштер көбөйгөнүн белгилешкен. Алар коопсуздук органдарындагы соңку кадрдык өзгөрүүлөрдөн улам коомчулук мындан ары бардык жагдайга жаңыча, калыс баа берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт деп ишеним артып турганы айтышкан.

Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы кызматынан алынгандан кийин бир катар ишкерлер да буга чейин атайын кызматтын басымына кабылганын айтып чыгышкан.

"УКМК саясаттан тыш болушу керек"

20-февралда УКМКнын жаңы дайындалган төрагасы Жумгалбек Шабданбеков “Вечерний Бишкек” басылмасына интервью берген. Анда ал башталган реформа эл аралык кырдаалды эске алуу менен, өлкөнүн коопсуздугун натыйжалуу камсыз кылууга жана конституциялык түзүлүшүн коргоого жөндөмдүү, кесипкөй жана ачык-айкын системаны түзүүгө багытталарын айтып, УКМКнын иши саясаттан ажыратылышы керектигин белгилеген:

Жумгалбек Шабданбеков
Жумгалбек Шабданбеков

“Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ичиндеги уюштуруучулук жана кадрдык өзгөрүүлөрдүн алкагында негизги көңүл оперативдик жана аналитикалык иштин классикалык жана салттуу ыкмаларына бурулат. УКМКны саясаттан ажыратып, саясий партиялардын, идеологиялардын жана ар кандай кызыкдар тараптардын таасиринен бошотуу зарыл. УКМК саясий курал болбошу керек”.

Шабданбеков атайын кызмат эскирген, катаал аскердик ыкмалардан башкаруунун мыйзамдуу, жарандык ыкмаларына өтүү керектигин айткан:

“Коркутуп-үркүтүүдөн баш тартып, бүгүнкү күндүн шартына жараша заманбап улуттук кызматты түзүүгө убакыт келди".

Президент Садыр Жапаров 21-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек куруп, өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде олуттуу реформа болорун жарыялаган. Ал убагында УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге атайын кызматтын кишилери кызматтыгын күбөлүгүн “комокторго” чейин көрсөткөн учурлар бар экенин эсине салып, сын-пикирлерден арылууга чакырганын айткан.

"Бийликтен акыйкат мамиле күтөбүз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:06 0:00


Президенттин ырайымы менен абактан чыккан Ажиев кайра кармалды

Вебкам иши боюнча соттолуп, 18-февралда президенттин ырайымы менен абактан чыккан Даниел Ажиев кайра кармалганын Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы 6-мартта билдирди. Милиция ага Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо”) негизинде кылмыш ишин козгогону маалымдалды.

Соңку эки күндөн бери ал коомчулукта, социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып жаткан эле. Тагыраагы, Даниел Ажиевдин Чүйдүн Петровка айылындагы абактан Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык тик учак менен чыгып кеткени тартылган чакан видео социалдык тармактарга тараган. Соттолуп, президенттин ырайымын алган адамдын абактан учак менен чыкканы дароо талкууга түшкөн эле.

Коомдогу талкуудан улам президент түшүндүрмө берди. 6-мартта мамлекет башчы Садыр Жапаров Ажиевдин апасы баласына ырайым беришин сурап, жеке WhatsApp номуруна видео аркылуу чалганын, уулу жок жашоосу оорлоп кеткенин айтып ыйлаганын билдирди.

Жапаров Ажиевдин тик учак менен учканы өзү үчүн да күтүүсүз болгонун айтты:

"Мен дагы угар замат дендароо боло түштүм. Апасы “итке минип калдык” деп ыйлап атса, баласы түрмөдөн тик учак жалдап учуп жатса, “мени алдаган экен да” деп".

Юрист, жарандык активист, талдоочу Илим Карыпбеков Ажиевдин жоругун акылсыздык деп атап:

"Мунун кылганы «эми мына, билгениңерди кылып алгыла» дегендей эле болду. Тик учакты абактын алдына учуруп келип, тарыхта биринчи жолу болду го дейм. Мен билгенден, Батукаев да абактан мындай чыккан эмес", - деди.

Ажиев 2024-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (“Сойкулукту жана ыпластыкты интернет тармактары (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу жана аларга көмөктөшүү”), 161-беренеси (“Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу”), 261-беренеси (“Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”) жана 215-беренеси (“Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү”) боюнча күнөөлүү деп табылып, тогуз жылга абакка кесилген.

Шерине

XS
SM
MD
LG