Укук коргоочулар мындай жазаны аша чапкандык катары баалап, акыйкат чечим болушу керек деп эсептешет.
Махабат Тажибек кызы
Журналист Махабат Тажибек кызынын иши Жогорку сотто 10-мартта каралмай болду. Бүгүн судьялардын бири ооруп калгандыктан отурум кийинкиге жылды. Бириккен Улуттар Уюмунун негизсиз камакка алууларды иликтеген жумушчу тобу былтыр 2024-жылы журналисттердин жапырт кармалышы - Адам укугунун жалпы декларациясынын, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын бир канча беренесин бузганын билдирген.
Кыргыз бийлигине бир нече сунуш берип, Махабат Тажибек кызын абактан бошотууга чакырган.
Мындан улам журналисттин адвокаты Асел Аргымбаева жаңы жагдайлар боюнча ишти кайра кароону өтүнүп, Жогорку сотко кайрылган.
"Биринчисинде иш оор экенин айтып, коллегия даяр эместигин билдирген. Бүгүн болсо судьялардын бири ооруп калганы кабарланды. Жогорку сот БУУнун жумушчу тобунун пикирин баалай турган бул биринчи окуя. Мындай эл аралык орган адам укуктары боюнча эл аралык макулдашуулардын шарттары аткарылбай жатканын айтып аткандан кийин биздин бийлик буга көңүл бурат деп ишенем".
Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлоруна тиешеси бар экени айтылган 11 журналистти милиция 2024-жылы кармап, “Массалык башаламандыктар” беренеси менен иш козгогон.
Райондук сот Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга кесип, кийинки инстанциялар өкүмдү күчүндө калтырган. Журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдан пробациялык жаза алып, калган жетөө акталган. Ишенбеков былтыр президенттин ырайымы менен эркиндикке чыккан.
Каныкей Аранова
Журналисттерден тышкары ушул тапта абакта отурган активисттер да бар. Соцтармакка пикир жазганы үчүн үч жарым жылга кесилген Каныкей Аранованын эжеси Ырысгүл Аранова да өкүм кайра каралышы керектигин белгилйет.
"Буга чейин биз Фейсбуктун расмий кеңсесине кат жөнөтүп, анын жообун алганбыз. Анда латын арибинде Каныкей Аранова деген ат менен бул соцтармакта катталган аккаунттун менин сиңдиме тиешеси жок экени расмий жооп катары жазылган. Компаниянын өкүлдөрү ошондой эле ал аккаунт фейк экенин кошумчалаган. Ушул расмий катты Каныкейдин адвокаты бир эмес, бир нече жолу соттук отурумдарда судьяга көрсөтүп, бул тууралуу айтып жатты. Бирок, расмий катка эч ким көңүл бурган жок. Ал эле эмес, Фейсбуктагы баракча Каныкейге тиешелүү деп далилдеп да бере алышкан жок. Бирок ошонусуна карабай сиңдим жазага тартылды".
Аскат Жетигендин кыйноо тууралуу билдирүүсү
“Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен 2024-жылы үч жылга кесилген активист, ырчы, комузчу, обончу, композитор Аскат Жетигендин адвокаттары шаардык жана Жогорку сотко чейин кайрылганы менен майнап чыккан эмес. Эл арасында "Зарыкканда" деген ыры менен таанымал талант дале абакта жатат.
Журналист Семетей Талас уулу "Башаламандыктарга чакырык" беренеси менен айып коюу өтө катуу жаза экенин белгилеп, анын ордуна прафилактикалык иштерди күчөтүү керек деп эсептейт.
Ал ошондой эле мыйзам бардык жарандар үчүн бирдей иштебей жатканын айтып, буларды мисал тартты:
"Аскат Жетигендин ташкындаган таланты бар, өтө жөндөмдүү бала. Анын күнөөсү бар же жогун тергөө жана сот органдары аныктайт дечи. Бирок, ага берилген жаза мөөнөтү абдан көп. Ошол эле учурда вебкам студияларды иштеткени айтылып келген Даниел Ажиев деген балага ырайым берилип, бошоп кетти. Ал эми жарандык пикирин айткан адамды дагы деле камакта кармап отурушат, бул өтө адилетсиз. Сот чечимдери акыйкат болушу керек эле. Негизи эле ушул "Массалык башаламандыктар" беренесинин негизинде соттолуп кеткендер боюнча канча иштер турат. Канчасы акыйкатсыз сот жообуна тартылганын биз көрүп, билип турабыз. Ошондуктан ушул иштер кайра каралып, тергөө адилет жүргүзүлсө. Гумандуулук керек. Балким 1-2 ай профилактикалык иштерди жүргүзүп, сүйлөшүп коюу жетиштүү болмок".
3-мартта №27 түрмөдө отурган Аскат Жетиген абак кызматкеринин кыйноосуна кабылганын билдиргени маалым болду. Бул тууралуу ал өзүнүн адвокаты Нурбек Токтакуновго жазган катында маалымдап, укугу бузулуп жатканын коомчулукка жеткирүүсүн жана өзүн коргоону суранган.
Адвокат Нурбек Токтакуновдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Аскат Жетигендин каты ага 2-мартта тийген. Жактоочу акындын катын "Азаттык" менен бөлүштү.
Катта Аскат Жетиген №27 түрмөнүн жетекчилиги аны айып изоляторуна (ШИЗО) жапканын, буга бир нече күн мурун абакка акыйкатчынын (омбудсмен) өкүлдөрү барып, ал жакта жазасын өтөп жаткандардын абалы, шарттары менен таанышуу учурунда абактагылардын укуктары бузулуп жатканын айтканы себеп болгонун жазган.
Аскат Жетиген ошондой эле түрмө кызматкерлери абакты жылытууга бөлүнгөн көмүрдү ысырапчылык менен иштетип жатканын, жазасын өтөп жаткандарга спорт менен машыгууга тоскоолдук жаралганын, 2000 сом төлөбөгөндөр залга киргизилбей турганын белгилеген.
Аталган түрмөнүн Улан аттуу кызматкери кыйноого алганын билдирген активист абакта ал "ашкере оройлугу жана зөөкүрлүгү менен белгилүү" экенин жазып, ачык айткандарды айып изоляторуна камап, ар кандай ишке мажбурлап келерин билдирген.
Абактагы акын ошондой эле түрмөнүн жетекчиси да ал жакта кармалып тургандарга коркутуп, үркүтүп, орой мамиле кыларын белгилеген.
"Учурда ШИЗОдомун. Түшкү тамактанууга чыкпай, бир сааттан ашык сейилдөөчү бөлмөдө жаанда турдум", - деп жазган Аскат Жетиген.
Адвокат Нурбек Токтакунов №27 абактын жетекчилигине Аскат Жетигендин айып изоляторуна камалуу себебине түшүндүрмө талап кылып, кат жолдоду.
Жаза аткаруу кызматы азырынча бул боюнча маалымат же комментарий бере элек.
Жарандык активист, ырчы Аскат Жетигенге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эки кылмыш ишин козгогон: биринчиси - 2021-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси - 2024-жылы 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) менен.
2024-жылы Бишкектин Свердлов райондук соту аны Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен күнөөлүү деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча актаган. Кийинки сот бутактары бул чечимди күчүндө калтырган.
Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы (ЖАМК) былтыр декабрдын башында камактагы Аскат Жетигендин жүрүм-турумун оң баалап, ал эч бир тартип бузбаганын, атүгүл абакта үч ирет сыйланганын анын адвокатына жазган катында билдирген. Активист абакта быйылкы жылдын августунун ортосуна чейин болору айтылган.
Эрнис Жээнтаев
Бул арада Биринчи Май райондук соту 13-февралда гезит дизайнери Эрнис Жээнтаевди Фейсбуктагы пикири үчүн алты жылга эркинен ажыратты. Ага дагы былтыр "массалык баш аламандыктар" беренеси менен иш козголгон. Жээнтаевдин адвокаттары райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанууда.
Адвокаттар мамлекеттик лингвист-эксперттин чыгарган корутундусуна байланыштуу филология илимдеринин докторуна рецензия жаздыртып, анда Жээнтаевдин постторунда зордук-зомбулукка чакырык жок деген жооп келгени аппеляциялык арыз жазууга негиз болгонун айтышкан. Алар ошондой эле соцтармактарда жазганы үчүн алты жылдык жаза чегерүү туура эмес деген пикирде.
Адвокат Нурбек Сыдыков "Массалык башаламандыктарга чакырык" деген берене Орусиянын Кылмыш-жаза кодекстеринен көчүрүлүп алынган деген көз карашта.
"Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүн кандайдыр бир зордук-зомбулукка чакырганы анык болбогон күндө да тергөө көп учурда колдонулуп калды. Мурда Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинде дал ушундай берене, ушундай жазасы менен иштеп келген. Кийин, 2012-жылы беренеде каралган жазаны жеңилдетип, үйдө отуруп соцтармактарга пост жазып, кандайдыр бир чакырыктарды жасаса айып пул салынып калган. Орусия ушинтип өзгөртүп алды, ал эми бул документтен көчүргөн Кыргызстан ошол бойдон калтырды. Ошондой эле мамлекеттик эксперттерге нааразылыгыбыз бар, алардын корутундулары көбүнчө туура эмес чыгарылат жана алар лингвистикалык экспертиза жасабастан, укуктук баа берип келишет. Ошондуктан соттор мындай берененин негизинде айып тагылгандарды 3-6 жылга камакка алуу чечимин чыгарып келүүдө".
Медиа уюмдардын кайрылуусунан майнап чыгабы?
Өткөн аптанын этегинде бир катар медиа уюмдар, журналисттер өлкө бийлигине кайрылып, акыркы жылдары журналисттерге, жарандык коом өкүлдөрүнө жана активисттерге "Жапырт башаламандык" жана башка оор беренелер боюнча козголгон иштер көбөйгөнүн билдиришкен. Алар коопсуздук органдарындагы соңку кадрдык өзгөрүүлөрдөн улам коомчулукта бул иштер кайрадан каралып, калыс баа берилет деген үмүт пайда болгонун белгилешкен. Журналисттердин кайрылуусу боюнча президенттин администрациясы азырынча комментарий бере элек.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги да, демократия да бар экенин белгилеп келет. Журналисттер коомчулугу соңку кайрылуу мамлекеттик институттар менен жарандык коом ортосундагы ишенимди жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө ниетинде жолдонгонун белгилешкен.
Шерине