Кыргызстандагы бир катар медиа уюмдар, журналисттер президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жумгалбек Шабданбековго жана Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевге кайрылуу жасашты.
Алар акыркы жылдары журналисттерге, жарандык коом өкүлдөрүнө жана активисттерге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Жапырт башаламандык)жана башка беренелер боюнча козголгон иштер көбөйгөнүн белгилешкен. Ошондой эле коопсуздук органдарындагы соңку кадрдык өзгөрүүлөрдөн улам коомчулук мындан ары бардык жагдайга жаңыча, калыс баа берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт деп ишеним артып турганы айтылган.
Кайрылууда өлкөдө айрым медиалардын ишмердүүлүгүнө чектөө киргизилгени, кээ бир журналисттер кылмыш жоопкерчилигине тартылганы же өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгону жалпы коомчулукта тынчсызданууну пайда кылганы белгиленген.
Ошону менен бирге алар "278-берене менен козголгон иштерге кошумча, көз карандысыз жана ар тараптуу талдоо жүргүзүү, буга чейин чыгарылган өкүмдөрдүн мыйзамдуулугун текшерүү же сот чечимдерин кайра кароо мүмкүнчүлүгүн талкуулоо, процессуалдык мыйзам бузуулар аныкталса, тиешелүү органдардын ишине кызматтык жана укуктук баа берүү, ЖМК өкүлдөрүнүн, активисттердин укуктары тебеленген учурлар такталса, келтирилген зыяндын ордуна кенемте төлөө жана кылмыш куугунтугуна байланыштуу өлкөдөн чыгып кеткен жарандардын кайтып келишине укуктук шарт түзүү" мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунушташкан.
Кайрылуу мамлекеттик институттар менен жарандык коом ортосундагы ишенимди жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө ниетинде жолдонгону жазылган.
Соңку жылдары Кыргызстанда пикири үчүн кармалып, сот жообуна тартылгандар көп катталды.
Алардын көбүнө жапырт башаламандык уюштурууга чакырык, бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү сыяктуу беренелер көп колдонулат. Журналисттер жапырт кармалып, пробациялык жаза алып, абакка кесилгендери болду. Айрымдар чет өлкөгө баш калкалап чыгып кетишти.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар жана демократия өкүм сүрүп жатат деген пикирин улам кайталап келет. 29-январда "Кабар" маалымат агенттигине курган кыска маегинде да ал Кыргызстанда жарандар тигил же бул маселе боюнча ойлорун ээн-эркин эле билдирип, бийликке ачык эле сын айтып жатканын айткан.(ZKo)
Шерине