Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Ысык-Көлдө 41 жаштагы аял өзүнө өрт коюп набыт болду

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу айылында 41 жаштагы аял өзүнө өрт коюп набыт болгонун облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы кабарлады.

Милициянын маалыматына караганда, 25-февраль күнү Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө (РИИБ) Ак-Суу айылынын тургуну - 2009-жылы туулган жашы жете элек кыз 16 жумалык кош бойлуу экени тууралуу маалымат келип түшкөн.

Тергөөгө чейинки териштирүү иштеринин алкагында тергөө кызматы 17 жаштагы кызды суракка алган. Суракка катышуудан анын апасы - 41 жаштагы М.А. баш тартып, “кызым боюнда болуп калды, элдин бетин кантип карайм” деп билдирген. Буга байланыштуу сурак Ак-Суу райондук Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын кызматкеринин катышуусунда жүргөн.

Ошол эле күнү, 25-февралда, саат 21:00 чамасында кыздын апасы М.А. “дүкөнгө суусундук алам” деп чыгып кетип, күйүтүнө чыдабай, денесине бензин куюп, өзүн өзү өрттөгөн. Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткирилген эне алган күйүк жаракаттарынан улам көз жумган.

Бул факт боюнча тергөөгө чейинки териштирүү, соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатат. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG