Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Өзбекстанда кайрымдуулукка берилген акчаны кымырып алган адам кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ташкент облустук милициясынын Маалыматтык технологиялар жаатындагы кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгы бухаралык 21 жаштагы адамды кармады. Ал соцтармактарды шылуундук үчүн колдонуп келгени аныкталды.

Тергөөнүн маалыматына караганда, ал Инстаграмдан оорулуу балдарга жардам сураган роликтерди көчүрүп алып, монтаж аркылуу андагы банк эсептеринин ордуна өзүнүн эсептерин коюп, жүктөп турган. Натыйжада кайрымдуу жарандар дарыланууга которгон акча анын апасынын банк эсебине түшүп турган.

Баштапкы иликтөө 2025-жылдын октябрь айынан бери шектүүнүн банк эсебине 2 миңден ашуун транзакция болгонун аныктады. Жыйынтыгында шылуундукка шектүү 161 млн сумду (13 155 доллар) өз керегине иштетип салган.

Шектүү жаранга Өзбекстан Кылмыш кодексинин "Маалыматтык технологияны колдонуп шылуундук кылуу" беренеси менен иши козголду.

Шерине

XS
SM
MD
LG