Ушул эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев ишкердин дооматтарын четке каккан билдирүү таратты.
Саясат талдоочулар мамлекетке алынды делген мүлк боюнча иштей турган атайын комиссия түзүү керектигин айтып жатышат. Бийлик бул боюнча үн ката элек.
Ишкердин президентке кайрылуусу
2000-жылдардын башында "Аю холдинг" деп аталган ар тармактуу ишканасын негиздеген, соңку жылдары Лондондо жашап келаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов күн алыс Фейсбуктагы баракчасына билдирүүлөрдү жазып келатат.
28-март күнү жазган дагы бир постунда "бийликтин карамагына өттү" деп айтылган эки соода борбору тууралуу кеп козгоп, президент Садыр Жапаровго кайрылды.
Тагыраагы, Бишкектин Чокан Валиханов 2 дарегинде жайгашкан "Аю Гранд Комфорт" жана шаардын түштүк тарабынагы "Томми Молл" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин "Аю Гранд Комфорт" мамлекетке алынып, Социалдык фондго бекитилип берилгени адилеттүү чечим болгонун айтты.
"Мен мурда кетирген каталарым үчүн жоопкерчиликти мойнума алам жана муну адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө кошкон салымым катары карайм. Бүгүнкү күндө объект иштеп жатат, ал эми ижара акысынан түшкөн киреше Социалдык фондго түшүп, пенсионерлерибизге чыныгы колдоо көрсөтүп жатат", - деп жазды Абдыкеримов.
Ал эми аталышы кызынын ысымынан коюлган "Томми Молл" соода борбору боюнча тынчсыздануусун билдирди:
"Кызымдын атынан аталган «Томми Молл» соода борборуна байланышкан кырдаал тынчсыздануу жаратууда. Менде болгон маалыматтарга караганда, бул объект үч-төрт бөлмөлүү батирдин наркында эле бааланып, кийин Камчыбек Ташиевдин жубайынын айланасындагы адамдардын карамагына өткөн".
2003-2025-жылдары Кыргызстандагы ири бизнесмендердин бири аталган Абдыкеримов президентке кайрылуусунда бул жагдайдан улам тийиштүү мамлекеттик органдар ар тараптуу, объективдүү жана ачык текшерүү жүргүзүшү керектигин белгиледи. Ишкер ошондой эле маселеге укуктук баа берилиши зарыл экенин жазды.
Бийлик ишкердин соңку кайрылуусу боюнча үн ката элек.
Ташиев Таймурастын жообу
Ишкер Абдыкеримовдун президент Садыр Жапаровго жолдогон кайрылуусун улай, ушул эле күнү УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев да Фейсбуктагы баракчасына билдирүү чыгарды.
Анда ал Абдыкеримовдун келтирген жүйөлөрү чындыкка дал келберин, "мамлекеттин эсебине кайтарылды" деген объектилерден бири да Ташиевдердин пайдасына алынбаганын белгиледи:
"Муну Абдыкеримов дагы, жана башка бардык ошол сыяктуу мүлкү мамлекетке кайтарылган ишкерлер, адамдар, коомчулук баары так билиши керек. Эгер шек саноо же ишенбөөчүлүк болсо, тийиштүү комиссия түзүп, бардык кайтарылган мүлк боюнча дыкат текшерип чыгышса болот. Андай текшерүү - бүгүн абдан караланып, куру дооматтар айтылып жаткан биздин үй-бүлөбүз үчүн да чоң мааниге ээ. Ошондо, мамлекетке кайсыл мүлктөр өткөн, канча баага кайра кимдерге сатылган же кимдерге өткөнүн элибиз да так билмек. Дагы бир жолу айтайын, менин атам, урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич жана биздин үй-бүлөбүз мамлекетке кайтарылган мүлктөрдүн бир тыйынына дагы киришкен эмес жана өткөрүп алган эмес. Алар мамлекетке гана өткөрүлүп берилген. Андан ары кандай пайдаланылганын билгиси келген адамдар, журналисттер, активисттер, коомчулук иликтеп, тактап чыкса баары түшүнүктүү болот".
УКМК былтыр сентябрда Абдыкеримовго таандык жалпы баасы 10 млрд сомдон ашык бир катар ири соода-оюн-зоок борборлору жана өнөр жай объектилери мамлекетке алынганын билдирген.
Атайын кызмат “Аю Холдинг” узак убакыт бою милдеттүү салыктарды, социалдык жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качып, мүлкүнүн бир бөлүгүн өзүнө байланышы бар жактарга каттатып, мыйзамсыз кирешени адалдоо үчүн мамлекеттик органдарга жасалма финансылык отчетторду тапшырып турганы аныкталганын кабарлаган.
Өткөрүлгөн мүлктүн арасында Бишкек шаарынын Токтогул №126 дарегинде жайгашкан коммерциялык имарат бар. Анын баасы 95 млн сомдон ашык деп бааланган. 4 млрд сомдон көп акчага бааланган “Аю Гранд” соода борбору да мамлекетке алынган. Ысык-Көлдөгү коттеждер жана бир катар имараттар да болгон.
Эл арасында “Шаки” деген каймана аты менен таанымал ири ишкер, өзүнө кырктай компанияны камтыган “Аю” холдингинин кожоюну Шаршенбек Абдыкеримов учурда Кыргызстанда эмес. Өлкөдөн чыгып кетип, артынан ага каршы бир катар кылмыш иштери ачылган жана эл аралык издөө жарыяланган. Ишкерди камакка алуу боюнча сыртынан сот чечими да чыккан.
"Аю Гранд" соода борбору 72 000 м2, бул мүлк 4 016 790 000 сом деп, ал эми "Томми Молл" соода-оюн-зоок борбору 14 500 м2, ал 26 600 000 сом деп бааланган.
Бул мүлктөрдү алуу боюнча УКМК өз маалыматтарында соттун кандайдыр бир чечимдери жөнүндө айткан эмес.
Президент Садыр Жапаров 2023-жылы “Аю” компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өтүп жатканын маалымдаган. Ишкана мамлекетке салыкты толук төлөбөй, жасалма акциздер менен иштеп келгенин айткан.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ишкана ээсинин өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүлгөнүн айткан.
Мамлекетке алынган мүлк боюнча комиссия түзүү сунушу
Жарандык активист Мавлян Аскарбеков убагында УКМК "мамлекеттин карамагына өттү" деп жарыялаган мүлк боюнча атайын комиссия түзүп, тыкыр иликтөө иштерин жүргүзүү керек деп эсептейт:
"Бийлик мындан төрт жыл мурда өлкөдө "кустуризация" операциясын баштап жатканда мен Ташиев жана Жапаровго кайрылгам. Анда бул туура эмес экенин айтып, 1990 жана 2000-жылкы менчиктештирүү программасын карап чыгуу тууралуу ой болсо биз Кытайдын тажрыйбасын эске алып, мамлекеттик комиссия түзөлү дегем. Мына ошол комиссия ревизия жүргүзүп, тизме түзүп, тийиштүү мыйзамдар кабыл алынып, соттун чечимин колго алып, анан гана мамлекетке алуу башталсын деген элем. Бирок, тилекке каршы, бийлик аны уккан жок. Ошол башаламан кайтаруу иштеринин жыйынтыгын биз азыр көрө баштадык, Абдыкеримовдун айткандары чети гана. Азыр дагы миңдеген ишкерлер чыгып, арыздарын ачыктай баштайт. Жер, ишкана, имарат, бизнесин тарттырып жибергендер толтура".
Аскарбеков атайын кызматтын ошол кездеги жетекчиси жүргүзгөн саясаттан алыстап, мыйзам чегинде иш алып барам деген бийлик мамлекеттик комиссия түзүшү керектигин, ага бардык тармактардан адистерди кошуу зарыл экенин белгиледи.
Абдыкеримов менен жакын кызматташтык мамиледе болуп, айрым иштери тууралуу кабардар болуп жүргөнүн айткан юрист, жарандык активист Илим Карыпбеков "кустуризация" башталган чакта ишкер кандайдыр бир сүйлөшүүлөргө макул болбой койгонун жакындарынан укканын айтты. Ошондон кийин ал мүлкүнөн ажыраганын кошумчалады.
Карыпбеков убагында курамында 20дан ашык ишкана болгон компанияны башкарган ишкерди өлкөгө кайтып келүүгө чакырды. Юристтин айтымында, Абдыкеримов президенттин өзү менен жолугуп, маселесин чечиши керек.
"Укук коргоо органдары үчүн бул чоң сигнал"
Кечээ гана "Кемпир-Абад иши" боюнча акталган саясатчы Жеңишбек Молдокматов Камчыбек Ташиев кызматта турган кезде үн ката албай келген Абдыкеримов ал иштен четтетилгенден кийин гана маселесин ачык айта баштаган маалда бийлик буга туура реакция кылышы керек деп эсептейт:
"Бул маалыматты чынында тыкыр иликтеш керек. Эгер ал айткандай эле "Томми Молл" соода борбору Ташиевдин аялынын жакындарына өтүп кеткен болсо, анда буга укуктук баа берилиши зарыл. Бийлик буга көңүл бурат деп ишенип турам азыр. Себеби Абдыкеримов күн сайын билдирүү жазып атат. Анын үстүнө ал катардагы эле ишкер эмес, ал "алкомагнат, олигарх" болгон. Ал учурунда 100 завод ачам деген амбициялуу бизнесмен эле. Муунтуп, ага тиешелүү мүлкүн алып коюу мамлекет үчүн өтө кооптуу. Ал түз эле президентке кайрылып жатат, демек, укук коргоо органдары буга кулак төшөшү керек, көз жаздымда калтырганы туура эмес болуп калат".
Молдокматовдун айтымында, Абдыкеримовго таандык деген мүлк "мамлекеттин карамагына" деп 4-5 толкун менен алынган. Алгачкылардан болуп заводдору, кийин жеке мүлкү жана үй-бүлөсүнө тиешелүү батир, жер тамдар да алынган. Абдыкеримовдун унчукпай отуруусуна сыртынан сот чечими чыгышы да себеп болгонун саясатчы кошумчалады.
Ушул жылдын 10-февралында Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден 15 күн өтпөй УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине нааразы болгондордон 500дөн ашык арыз жазылган. Алардын көбү ишкерлер, мүлкүн мыйзамсыз тарттырып ийдим деген жарандар болгон.
Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасына бир аптадан бери ачык билдирүүлөрдү жарыялай баштады. Буга чейин коомчулукка дээрлик жабык болгон, бир канча жылдан бери сыртта жүргөн, эл арасында "Шаки" деген кыска ат менен таанылган ишкер анда өзүнүн башынан өткөргөн негизги саясий окуяларды, бизнесинен кантип кол жууганын тизмектеп жазган. Ал УКМКнын Бишкек башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, учурда камакта отурган Элдар Жакыпбековду айыптаган. Абдыкеримов ошондой эле бир катар саясатчылар тууралуу да сөз кылган.
Шерине